30
Апрель
Джоомарт Оторбаев и Алексей Миллер обсудили вопросы сотрудничества в сфере транспортировки, распределения и реализации природного газа в КР
Бүгүн, 29-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында ААК “Газпромдун” төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Кыргызстандын газ рыногуна “Газпромдун” чыгышы “чыныгы тарыхый окуя” жана “жалпысынан кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеп, чыңдоонун алкагында өтүүдө”.
Премьер-министр Алексей Миллерге Кыргыз Өкмөтү Компаниянын рынокко толук кирүүсүнө ар тараптан колдоо көрсөтөөрүн билдирди.
“Газпромдун” энергосистемасына кирүүсү өлкө үчүн абдан маанилүү. Биз Кыргызстанда “Газпром” инвестициялык программасынын өз учурунда иштеп кетүүсүнө кызыктарбыз. Биз тажрыйбалуу жамааты бар компаниянын мыкты иштөөсүнө кызыктарбыз. Компания социалдык программалары менен да натыйжалуу”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министр “Газпромдун” Кыргызстанда газ ташуу системасына стратегиялык инвесторду тартышы жана кийин да инвестициялык долбоорлорду ишке ашырышы, жаңылоо, кеңейтүү жана жаратылыш газынын корун иштетүүгө, тармактын өнүгүшүнө чоң салым кошот.
Алексей Миллер, “Газпром” газды үзгүлтүксүз камсыздоодо ишенимдүү өнөктөш болоорун билдирди.
“Учурда Келишимге кол коюулуп, бүтүм чыгарылды. Техникалык маселелерди карап чыгуу гана калды. Биз баардык жоопкерчиликти оз мойнубузга алабыз”, - деди Алексей Миллер.
“Газпром” жетекчиси Премьер-министрге Компания жакынкы күндөрдө биринчилерден болуп инвестиция зарыл болгон объектилерди аныктайт. Ошондой эле Кыргызстандын баардык аймактарында социалдык программаларды ишке ашырууну мерчемдеп жатканын айтты.
Эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн маселелер да талкууланды жолугушууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү