23
Апрель
Джоомарт Оторбаев: “IFC – надежный партнер Кыргызстана, но необходимо расширять присутствие организации здесь”
Бүгүн, 23-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Орто Азия боюнча Эл аралык каржы корпорациясынын аймактык мүдүрү Моаззам Мекан жана Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Мартин Негел менен жолукту.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Эл аралык каржы корпорациясы Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүндө олуттуу өнөктөш. 2013-жылдын 31-декабрына карата Эл аралык каржы корпорациясынын портфели экономиканын каржы жана кайра иштетүү тармагында 30 млн. доллар болгон.
“Эл аралык каржы корпорациясы – Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү, бирок, уюмду бул жерде кеңейткенибиз зарыл. Биз уюмдун ишине ыраазычылык билдиребиз, бирок, Кыргызстанда уюмдун портфели көбөйүшү керек. Бир жыл мурун өлкөнүн экономикасы өсө баштаганда бул өтүнүчүмдү айткан элем. Учурда да экономиканын туруктуу өнүгүшүн байкоого болот. 2014-жылдын 1-кварталына ылайык ички дүң продукциянын көлөмү 5,6 % болду”, -деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министр баса көрсөткөндөй, Кыргызстандын ачык экономикасы коңшу мамлекеттердин күчтүү экономикасынан көз каранды, мисалы Орусия, Кытай.
“Биздин экономика коңшу өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөргө маани берет, ал Кыргызстандын өнүгүшүнө да таасир этет. Экономиканын өнүгүшүнүн приоритети катары инвестициялык абалды жакшыртуу керек. Сиздердин роль да абдан маанилүү. Өзүңүздөр билгендей, өнүгүү институту салган 1 доллар жеке сектордо 5-6 долларга айланат”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы Эл аралык каржы корпорациясы менен кызматташтыктын негизги багыттарын белгиледи: коррупциялык механизмдерди жоюу жана бөлүштүрүү компанияларын башкарууга келишимди колдоо менен энергетика тармагынын натыйжалуулугун өстүрүү, корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүү аркылуу жана крпоративдик маданияттын деңгээлин жакшыртуу менен мамлекеттик компаниялардын ишин илгерилетүү.
Моаззам Мекан,өз кезегинде Жоомарт Оторбаевди премьер-министрлик кызмат орду менен куттуктады жана акыркы жылдарда Эл аралык каржы корпорациясынын портфолиосу кеңейгенин айтты жана уюм Кыргызстан менен кызматташтыкты жигерлетүүгө бар аракетин жумшаарын билдирди.
“Биз инвестиция көлөмүн абдан эле кеңейттик, долбоорлордун санын, Бишкектеги кызматкерлердин штатын дагы. Учурда биздин долбоорлор мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгүнө багытталган. Биздин жасаган иштердин ичинен мисалга алсам, саламаттык сактоо министрлиги менен бирге уюштурган бөйрөктүн диализи борборунун иши, калаа муниципалитети менен жасалган көчөлөрдү жарыктандыруу иштери2, - деди Моазамм Мекан.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү