12

Март

2014

Джоомарт Оторбаев: «Количество совместных проектов Кыргызстана и Швейцарии увеличилось на 50%»

Бүгүн, 12-мартта, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Рене Холенштайн менен жолугушту.

Жоомарт Оторбаев дипломатты элчилик кызматка келиши менен куттуктады жана Кыргызстан менен Швейцариянын мамилелери мындан ары да бекемдешине ишеним көрсөтөөрүн билдирди.

“Биз Швейцария менен болгон кызматташтыкты жогору баалайбыз жана демократиялык, экономикалык реформаларда колдоо көрсөткөнүңүздөргө ыраазыбыз. 2012-жылы Бишкекте Швейцариялык элчиликтин ачылышы жана виза берүү процедурасынын жакшырышы Швейцария тарабынан негизги кадамдардан. Биргелешкен долбоорлорунун санынын 50 пайызга өсүшү да биздин мамлекеттер ортосундагы дайыма болуп туруучу диалогдон кабар берет”, - деди ал.

Жоомарт Оторбаев үч жылдык мөөнөттө Кыргызстанга Швейцария 70 млн. франк бөлөөрүн кабарлады. Биринчи вице-премьер-министр Швейцария колдоп жаткан бирден-бир долбоор Ат-Башы ГЭСин кайра жандандыруу. “Келечекте бул ГЭС чоң көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгарат. Бул долбоорго биздин үмүтүбүз зор”, -деди ал.

Рене Холенштайндын пикиринде 2010-жылдан кийинки өткөөл мезгилден Кыргызстан өттү. “Кыргызстан Борбор Азиядагы ачык коому бар демократиялуу өлкө. Республикада жеке сектор, экономика өнүгүүдө, албетте көйгөйлөр бар, чечилиши да алыс эмес. Биздин мамлекеттерибиздин кызматташтыгын шарттаган 2014-2016-жылдардагы стратегиянын үстүндө иштеп жатабыз”, - деди элчи.

Рене Холенштайн белгилегендей, Кыргызстан менен жигердүү кызматташтык энергетика  тармагында болуп, аймактарды таза суу менен камсыздоого да арналмакчы. Элчи айтмакчы, 2015-жылы Кыргызстанда долбоорлорду каржылоо дагы 5 пайызга өсөт.

Жоомарт Оторбаев өз сөзүндө белгилегендей, Кыргызстанда жеке секторду өнүктүрүү каралып, өлкөдө бизнес ишмердигин алып баруу жеңилдетилет. “Биз революция синдромунан өттүк. Дүйнөдө болуп  жаткан окуяларга көңүл бурсак, Кыргызстан туруктуулук үчүн гана эмес, өнүктүрүү үчүн да мыкты кадамдарды жасады. Былтыркы жыл Кыргызстанга ийгиликтерди алып келди, экономика өстү, таңкыстык азайды. Биз революциянын кесепеттеринен ылдам чыгып жатабыз. Бирок муну менен токтоп калбайбыз, аймактарды басымдуу болгон жакырчылыктын санын азайтабыз”, - деди Жоомарт Оторбаев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү