25

Июль

2014

Джоомарт Оторбаев конретизировал поручения укреплению энергопотенциала и подготовке южных областей к ОЗП

Бүгүн, 25-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев газ берүүнүн токтотулушуна байланыштуу КР Финмин тарабынан түштүк аймак үчүн бөлүнгөн каражаттын бөлүштүрүлүшү боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйынга КР вице-премьер-министри Валерий Диль, финансы министри Ольга Лаврова, энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, өкмөттүк аппараттын бөлүмдөрүнүн жана бир катар энергетикалык компаниялардын жетекчилери катышты.

Жыйын жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев Жалал-Абад жана Ош облустарынын келерки жылытуу мезгилине тыкыр даярдык көрүүсү зарылдыгын жана Өзбекстан тараптан газ берүүнүн токтотулушуна жана суу көлөмүнүн аз болушуна байланыштуу алардын энергетикалык мүмкүндүгү жогорулатуу керектигин баса белгиледи. Тактап айтканда, жыйын катышуучулары бул максатта бөлүнгөн 261 млн сом суммасындагы каражатты бөлүштүрүү маселесин талкуулады.

Премьер-министр белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдарынын өтүнүчү боюнча, каражаттын көпчүлүк бөлүгү энергетикалык тутумуду күчтөндүрүүгө багытталат, тактап айтканда, жаңы трансформаторлорду орнотуу жана эскилерин алмаштырууга жумшалат. Ал эми калган каражат көмүр менен жылытууга өткөрүүгө бөлүнөт. Буга байланыштуу Жоомарт Оторбаев облус жетекчилерине көмүргө карата муктаждыкты аныктоону жана аны ташып келүү үчүн инфраструктураны даярдоо тапшырмасын койду.