06

Май

2014

Джоомарт Оторбаев лично поздравил ветеранов ВОВ и распорядился об оказании им материальной помощи

Бүгүн, 6-майда, КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Өмүтай Егимбаевди 95 жашка чыгышы жана Жеңиш күнү менен куттуктады.

Майрамдык дасторкон үстүндө Жоомарт Оторбаев туулган күнү жана Улуу Жеңиштин 69-жылдыгы менен куттуктап, ардагерге чың ден-соолук, илгээри үмүт жана кубаныч менен сыймыктанууга көп шарттар болуусун каалады.

“Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин дүйнөнү нацизмден кутултуу үчүн кошкон салымы зор. Жеңиш оор сыноолор менен жоготуулардын артында келди. Биз эч качан ардагерлерибиздин эрдигин унутпашыбыз керек”, - деди Жоомарт Оторбаев.

Өмүтай Егимбаев Премьер-министрге мындан 69 жыл мурун Жеңишти кантип тосконун, Өкмөттүн ар кыл тармактарында эмгекчил күндөрүн, бүгүн жаштарга мекенчил тарбия берүүдө ардагерлер жасап жаткан иштерин айтып берди.

Өмүтай Егимбаев “Улуу Ата-Мекендик согушта Германияны жеңгендиги”, “Эмгектеги артыкчылыгы”, “Германиянын үстүнөн жеңиштин 20 жылдыгы”, “Эмгектеги каармандыгы үчүн”, “В.И.Лениндин 100 жылдыгына карата”, “Каармандык эмгеги” медалдарынын жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасынын ээси.

Улуу Жеңиштин 69-жылдыгынын урматына Жоомарт Оторбаев Премьер-министрдин резервдик фондунан КР Өкмөтүнүн Аппаратынын мурдагы кызматкерлери-Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына, ооруктагы эмгектин каармандары: Өмүтай Егимбаевге – 30 000 сом, Ормонбек Алапаевге – 10 000 сом, Макай Усуповго – 10 000 сом каражат бөлүүнү тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү