20

Март

2014

Жоомарт Оторбаев: Кичи насыя тармагы Кыргызстандыктардын турмушун жакшыртууда маанилүү жумушту жасайт

Бүгүн, 19-мартта, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев “Финка Интернешнл” (Финка) президенти жана башкы директору Руперт Скофиелд менен жолугушту.

Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын рыногуна биринчилерден болуп кирген Финка кичи насыя берүү компаниясы жөнөкөй адамдардын жашоосун жакшыртууга чоң салым кошкон.

“Финканын насыя көлөмү 4 жылдан аз убакыт ичинде 2,5 эсе көбөйдү. Кыргызстан боюнча 100дөн ашуун бөлүмдөрү бар. Биз сиздердин элге жакын болуп, алардын бизнесинин гүлдөшү, үй-бүлөсүнүн бай болушу үчүн жасаган аракетиңиздерди баалайбыз. Ошондой эле, 2010-жылда бизнеси жабыркаган жарандарга кылган колдооңуздарга ыраазыбыз”, - деди Жоомарт Оторбаев.

Ал кичи насыя берүү тармагы кичи жана орто бизнес жүргүзгөн кыргызстандыктар үчүн пайдалуу экендигин айтты. Ошондой эле, жарандар өз насыясы үчүн жоопкерчиликти сезип калганын кошумчалады.

“Кыргызстанда кичи насыя тармагы жигердүү өнүгүп, элдин жашоо турмушун жакшыртып, жумушчу орундарын түзүүгө жардам бергенине карабай, карыздарын төлөй албай калган  жарандар тарабынан түшүнбөстүктөр болуп келет. Түшүнбөстүктөрдөн, терс натыйжадан  арылуу үчүн кичи насыя берүүчү компаниялар жана алардын бирикмелери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш”, - деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

Руперт Скофиелд өз кезегинде Жоомарт Оторбаевге Финка банкка өтүп, инвестиция көлөмү жогорулаарын маалымдады. Финка жетекчиси аймактарда каржы сабаттуулугун жакшыртуучу окутууларды өткөзүп жатышканын, башка уюмдар менен бирге социалдык долбоорлорду, билим берүү, саламаттык сактоо долбоорлорун ишке ашырып келишкенин билдирди.

“Биз сиздердин биздин өлкөгө инвестиция тартуудагы аракетиңиздерди колдойбуз жана мындан ары да Кыргызстандын келечеги үчүн иштээриңиздерге ишенебиз”, - деп жыйынтыктады Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү