26
Апрель
Джоомарт Оторбаев: «Мы должны были создать дополнительные возможности для охраны порядка и обеспечения безопасности граждан»
Бүгүн, 26-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин катышуусунда Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун тизилүү иш-чарасына катышты.
Өкмөт башчы, полктун өздүк курамынын алдында сөз сүйлөп жатып, аталган полктун түзүлүшү өлкөгө абдан маанилүү экендигин айтты. Жоомарт Оторбаев аталган полк жакында эле ички иштер органдарынын ишин жакшыртуу максатында түзүлгөн.
“Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы биз жарандардын коопсуздугун коргоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек эле. Биз ИИМдин ишин жакшыртууга көңүл буруп келгенбиз жана көңүл бура беребиз”, - деди Премьер-министр.
“Биз өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда кыйын кырдаалдарга ыкчам көңүл буруп, аны алдын алуу үчүн бул кызматка миңден ашуун кызматкерди алганбыз. Кызматкерлердин эмгек маянасы 1-марттан тарта 30 %га көбөйтүлдү. Учурда ИИМдин атайын багыттагы полку заманбап унаа, атайын каражаттары жана башка керек болгон жабдыктары менен камсыздалган”, - деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, атайын полктун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен ага жогорку талаптар коюлат. Премьер-министр полктун өздүк курамына ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кызматында ийгиликтерди каалады.
Соңунда Жоомарт Оторбаев кызмат техникасын көрүп чыкты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү