22
Июль
Джоомарт Оторбаев: «Надо сделать все, чтобы наши национальные таланты получили достойную работу в своей стране»
Бүгүн, 21-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Юрий Григорович атындагы “Дүйнөлүк жаш балет” эл аралык сынагынын лауреаты Марат Сыдыковду кабыл алды.
Баарлашуу учурунда өкмөт башчы М.Сыдыковдун атамекендик балет мектебине кошкон салымына жогору баа берди.
«Балет өнөрүн баалоочулар сизди жана өлкөнүн балетине кошкон салымыңызды жакшы билет. Сиздин атаңыз көптөгөн жылдар бою бул тармакта эмгектенип, элге таанымал артисттердин бири болгон. Сиз дагы ата жолун улантып, анын ишин татыктуу улантып келүүдөсүз. Өзүңүздүн эмгек аркылуу өлкөнүн аброюн көтөрүүгө чоң салым кошуудасыз», — деди Ж. Оторбаев жана өлкөдөгү маданият тамагынын абалын жакшыртуу максатында ири коммерциялык компания жетекчилеринин катышуусунда камкордук кеңештерди түзүү зарылдыгын кошумчалады.
Өз кезегинде М.Сыдыков Премьер-министрге жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, келечек пландары менен бөлүштү. Ж. Оторбаев балет искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жетишкен ийгиликтери үчүн М.Сыдыковго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырды.
«Биздин улуттук таланттар өз өлкөсүндө татыктуу эмгек менен камсыз болушу үчүн колдон келген аракетти кылуу зарыл»», — деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.
Маалымдама:
Сыдыков Марат Кубанычбекович 1990-жылы туулган — Кыргыз Республикасынын жогорку категориядагы балет артисти. Ал 2009-жылы Лондон шаарындагы Великобританиянын Англис улуттук балеттик мектебин аяктаган.
2010-жылдын май айында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын труппасынын катарына кирген. Өз ишмердүүлүк учурунда Марат Сыдыков Кыргыз Республикасынын юбилейлик даталарына арналган бардык иш-чараларга, анын катарында Б.Бейшеналиева жана Ч.Базарбаевдин элесине арналган иш-чараларга катышкан.
А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисти Марат Сыдыков 12-19-июнда Сочи жана Краснодарда өткөн Юрий Григорович атындагы “Дүйнөлүк жаш балет” эл аралык сынагынын лауреаты наамына ээ болуп, күмүш медалды жеңип алган. Жалпысынан сынакка 63 артист катышкан.