29
Январь
Джоомарт Оторбаев находится с однодневной рабочей поездкой в Таласской области
Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын Биринчивице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышат.
Жыйындын жүрүшүндө Талас облусунун 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2014-жылга карата коюлган негизги тапшырмалар талкууланат.
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан бюджеттин кирешелүү бөлүгүндө аткарылып жаткан иштер, жазгы талаа иштерине даярдыктар, ошондой эле, жылуулук мезгилине өтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
КР Өкмөтүнүн аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү