20
Май
Джоомарт Оторбаев: «Наличие политической воли сегодня уже не является ключевым элементом в противодействии коррупции»
Бүгүн, 20-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев коррупцияга каршы күрөш боюнча координациялык кеңешине катышты.
Жоомарт Оторбаев өз докладында КР Өкмөтүнүн коррупция менен күрөшүүдөгү ишинин жыйынтыгы коомдук колдоого байланыштуу экендигин айтты.
“Эң негизги жана алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн негизги түрткүсү коомдун колдоосу жана мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуудагы ачыктык”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министрдин айтуусунда, жарандык коомдун баардык тармакта жигердүү катышуусу коррупция менен күрөшүүдө кошумча дем берет.
“Биз коррупция менен күрөшүү коомдун баардык тармактарында, бейөкмөт уюмдар арасында талкууланууга тийиш. Саясий эрктин болушу учурда коррупция менен күрөшүүнүн башкы элементи эмес. Саясий эрк баардык бийлик бутактарында бар. Ал Президентте, Премьер-министрде, Жогорку Кеңеште бар”, - деди Өкмөт башчы.
Премьер-министр Өкмөттүн ишин элдин ишеничи менен баалоого боло турганын эскертти. Арийне, өлкөнүн бир топ жарандары Өкмөт эмне иш кылаарын билбейт. Жоомарт Оторбаевдин пикиринде, Өкмөттүн ишин көрсөтүү үчүн “Министр байланышта” кампаниясы башталды. Учурда 3 министрлик: айыл чарбасы жана мелиорация, билим берүү жана илим, ички иштер министрликтери акцияга катышышты. Июндун аягына чейин дагы 5-6 министр эл менен түз байланышта болуп, иш планы менен бөлүшөт. (караңыз: www.gov.kg/?p=35346).
“Акыркы айда министрлер менен мекеме жетекчилери менин тапшырмам менен 2014-жылдагы иш мерчемдерин элге түшүнүктүү сөздөр менен жеткирүүгө аракет кылышты. Бул жөнөкөй көрүнгөн иш татаалдыгы менен белгилүү болду. Эми министрлер “коом менен келишимди” жакында толук иштеп чыгышып, жалпы коомчулукка жеткиришет”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министр докладында коррупция менен күрөшүү – анын кесепети менен эмес, аны пайда кылган себептери менен күрөшүү экенин айтты. Учурда Өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин жарандар менен бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө болгон текшерүүну азайтуунун үстүндө иштеди.
Текшерүүчүлөрдүн саны 21ден 12ге кыскартылды, экспортко керектүү документтер 8ден 2ге, лицензиялар 518ден 101ге кыскарды.
Жакында мамлекеттик сатып алуулардын электрондук мейкиндиги ишке кирет. Тендерлер электрондук деңгээлде өтөт.
Премьер-министр мамлекеттик органдар арасында коррупцияга аралашкан кызматкерлерди табуу иши жүрүп жатканын айтты. Ал энергетика министрлигинде жана бөлүштүрүү компанияларында кадрдык өзгөрүүлөр болуп жатканын да кошумчалады.
Жоомарт Оторбаев сөзүнүн аягында башталган иш аягына чыгаарын кабарлады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү