19
Апрель
2014
Жоомарт Оторбаев: Органикалык жашылча жемиштерди өстүрүү боюнча алган багыттарды өнүктүрүүбүз зарыл
Бүгүн, 19-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кең-Сай жер массивин иштетүүнүн жүрүшү менен таанышты.
Өкмөт башчы аталган жерди иштетүү менен Ош шаарынын жана ага жакын жайгашкан пункттардын өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.
“Кең-Сай массивин иштетүү менен жер маселеси чечилет, адамдар бул жерге турак жайларды куруп жашай алышат. Бара-бара заманбап кичи микрорайонго айланат аталган жер. Биз бул багытта тиешелүү инфраструктура түзүп беришибиз зарыл. Бул биздин биринчи кезектеги милдеттерибиз”, – деди ал.
Премьер-министр андан ары Ош облусунун Араван районунун жазгы талаачылык ишинин жүрүшү менен таанышты. Жоомарт Оторбаев талааларды көрүп, помидор, бадыраң, капуста өстүрүлгөн күнөсканаларды көрүп чыкты. Фермерлер билдиргендей, мындай күнөсканалардан алар бир жылда 3 жолу түшүм алышат.
“Биздин өлкөдө айыл чарбасын өнүктүрүү багытында, алдыңкы технологияларды пайдаланган үлгүлүү район катары таанымалсыздар. Сиздерден көп нерсени үйрөнүүгө болот. Ошондой эле, заманбап агрардык өндүрүшүндө органикалык жашылча жемиштерди өстүрүү пайдалуу багыттардан. Батыштын супермаркеттеринде жашылчалар эки катарга бөлүнгөн: гендик модификацияланган организм кошулган жана табигый жол менен өндүрүлгөн деп. Мына ушул органикалык таза жашылча жемиштер 5 эсе кымбат турат. Биз дал ушул багытты өнүктүрүшүбүз керек”, – деди ал.
Андан соң, Өкмөт башчы Араван районунун Нурабад айыл башкармалыгынын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан жемиш багында болуп, фермерлер менен Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча пикир алышты. “Биздин республиканын бажы биримдигине кирүүсү атамекендик фермерлердин ушул уюмга кирген мамлекеттердин базарларында өз продукциясын сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланышыбыз абзел”, – деди Жоомарт Оторбаев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү