25
Июль
Джоомарт Оторбаев о ситуации в сфере энергетики, развитии регионов, работе местных органов власти и увеличении доходной части бюджета
Бүгүн, 25-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында КР Өкмөтүнүн жыйыны өттү. Күн тартибинде 3 маселе: КР 6 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы жөнүндө жана 2014-жылды жыйынтыктоо боюнча милдеттер тууралуу; 2013-жыл жана 2014-жылдын биринчи жарым жылдык жыйынтыгы боюнча 2017-жылга чейинки Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын ишке ашырылышы тууралуу; мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын нормаларынын аткарылыш тууралуу маселе камтылган.
Жыйынды ачууда Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын түштүгүндө газдын токтолушуна, ошондой эле өлкөдө суу тартыштыгына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдарга токтолду.
“Биз калкка чыныгы маалыматтарды берип, көйгөйлөр тууралуу ачык айтуубуз керек. Токтогул суу сактагычында суу абдан аз, ага агып кирген суу көлөмү акыркы 7 жылга салыштырмалуу өтө төмөн саналат. Түзүлгөн кырдаал бизден жана сиздерден калкты жылуулук жана газ берүүнүн альтернативдүү булагы менен камсыздоо боюнча чечкиндүү аракеттерди талап кылууда. Бүгүнкү күндө Өкмөт күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча чаралар жыйындысын иштеп чыкты», — деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер билдиргендей, КР Өкмөтү жер-жерлерде электр энергиясын пайдалануу чегин 30% кыскартууга муктаж болууда. “КР айрым аймактары электр энергиясын пайдалануу чегин жогорулатууну өтүнүүдө. Бирок биз аны кыскартууга барууга аргасыз болуудабыз. Өзгөчө кырдаалдар план стратегиясын түзүп, кырдаалдан чыгуунун өкмөттүк программасын бекитүү керек, анын негизинде Ошто штаб түзүлөт. Анын негизги милдеттеринин бири — калкка энергияны сактоо аракетинин зарылдыгын жеткирүү. Биз толук көмүргө өтүүнү камсыздообуз керек. Аталган отун түрүн камдоо боюнча иш жүрүүдө», — деп белгиледи Өкмөт башчы.
Ошондой эле Өкмөт тараптан республика түштүгүндөгү энергетикалык жабдууну модернизациялоого 261 млн сом суммасындагы каражат табылган, ошондой эле газ жабдуусун жана суюлтулган газ сатуучулар менен көрсөтүлгөн жабдууну насыяга берүү жана керектөөчүлөр үчүн газдын басын төмөндөтүү тууралуу келишим түзүлгөн.
Премьер-министр белгилегендей, кечээ күз-кыш мезгилинен өтүү боюнча колдо көрсөтүү мүмкүндүгүн эл аралык өнүктүрүү боюнча шериктер, тактап айтканда, Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы менен талкуулаган.
Ал ошондой эле жакын арада орун алган Ош жана Жалал-Абад областтарына болгон иш сапарына, алсак, энергетиканын стратегиялык обьектилерин кыдырып чыккандыгына кеңири токтолду.
Өкмөт башчы маалымдагандай, Камбар-Ата – 1 ГЭС ТЭН даярдалууда. Ошондой эле Өкмөт Кара-Кечедеги жылытуу электр станциясын куруунун каржылоо булактарын издөөдө, анын ТЭНин иштеп чыгуу зарыл.
Андан соң Жоомарт Оторбаев Антимонополдук жөнгө салуу мамагенттигине көмүрдүн өздүк наркы боюнча эсептөөлөрдү берүүнү тапшырды.Өкмөт 5 күн ичинде көмүрдү сатуу баасын бекитиши керек. «Баа калк үчүн жеткиликтүү болушу кажет», — деп белгиледи Өкмөт башчы.
Жоомарт Оторбаев акимдерге жана аймактагы өкмөттүк ыйгарым укуктуу өкүлдөргө келерки 10 күн ичинде тийиштүү отун көлөмүн аныктап, сатуу түйүндөрүн тактоону тапшырды.
Бүгүн күндүн экинчи жарымында премьер-министр Жоомарт Оторбаев бардык губернатор жан район акимдери менен чоң жыйын өткөрүүнү пландаштырды.
“Ар-бир райондо резервдерди издөө үстүндө сүз жүрөт, ал экономиканын өнүгүүсүнө таасирин тийгизип, салыктардын жогорулашына алып келиши керек. Бардык жетекчилерди аталган маселе үстүндө ойлонуп, так сунуштарды киргизүүнү өтүнөм», — деди Ж.Оторбаев.
«Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл району 6 ай жыйынтыгы боюнча бир дагы көрсөткүчү боюнча 100% план аткарган эмес. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, отчеттук мезгилде болгону 36 физикалык жана 100 ашуун юридикалык жак каттоодон өтүп, 1200 патент берилген. Биз Ысык-Көлдө болжол менен 1 млн турист тосуп, 1 млрд. сомдук акча каражаты жүгүртүлүшүн ниеттенүүдөбүз, ал эми Салык кызматы болгону 1 млн сом салыктык чогултуулар тууралуу билдирүүдө. Сиздер тараптан чогултууларды жогорулатуу боюнча эч кандай сунуштар келип түшкөн жок. Бюджет тууралуу биз гана эмес, бардыгыбыз бардык аймакта ой жүгүртүүбүз керек», — деди Ж.Оторбаев Ысык-Көл районунун акимине кайрылып.
Ал райондук администрациялар жетекчилерине мамбюджетти толтуруу боюнча кошумча резердерди табуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну кеңеш кылды.
Премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары аралык ишмердүүлүктү координациялоого байланыштуу көйгөйлөр бар экендигин билдирди. Акимдер ыкчам маселелерди чечүүдө министрлик жетекчилерине ар дайым эле жеткиликтүү боло албайт.
“Бүгүн чогулган көйгөйлөрдү талкуулап, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды турукташтыруу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууга жакшы мүмкүндүк бар», — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.
Жыйындын 2-бөлүгүндө 2015-жылга карата бюджетти уюштуруу жана 2016 жана 2017-жылдарга карата бюджеттин болжолу тууралуу сөз жүрөт.
"Белгилей кетчү нерсе, Өкмөт тараптан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарды колдоо максатында стимул берүүчү жана теңдештирүүчү гранттарды кыскартпоо чечими кабыл алынган, анткени бул сиздер жергиликтүү салыкты жогорулатуу үчүн, республикалык бюджеттен дотациялоону жоготуп албоодон чочулабасын деген иретте орун алган. Мисалга, сиздер өз деңгээлде жер салыгын көбөйтүп, чогулган каражатты районду өнүктүрүүгө жумшай аласыздар. Мында жергиликтүү деңгээлдеги резервди тапкысы келбегендер жана жергиликтүү салыкты көтөрүү жолго коюлбаса, теңдештирүүчү гранттар кыскартылат», — деди Жоомарт Оторбаев.
«Жөн гана креслодо отуруу мүмкүн эмес. Бардыгы иштеши керек, ар-бир акимдин столунда жакынкы мезгилге түзүлгөн өздүк планы болушу кажет. Ушул көрсөткүчтөрдүн жыйындысы аркылуу Сиздердин ишиңиздерге баа берилет. Өкмөт аркылуу сиздердин ишмердүүлүктү баалоо талаптары иштелип чыккан, ал тууралуу алдын-ала маалымдалган. Учурда аларды толуктап иштеп чыгууга мүмкүндүк бар, ал эми сентябрь айында ар-бириңиздерден жеке жооп алабыз. Ар-бир конкреттүү учурда конкреттүү чечим болот” — деди Премьер-министр акимдерге.
“Бүгүн араңыздардан көбү жүктөлгөн милдетти аткарууда ыйгарым укуктардын жетишпестиги тууралуу маселени айтышыңыздар мүмкүн. Эскертип кетким келет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча аким жер-жерлердеги социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн жеке жоопкерчилик көтөрөт. Эгерде укуктар жетишпей жаткан болсо, өз каалооңуздар менен арыз жазыңыздар. Ал орунга Өкмөт тарабынан коюлган милдеттерди чечүүгө мүмкүндүгү бар адамдар келет», — деп жыйынтыктады Премьер-министр.