13
Февраль
Джоомарт Оторбаев обсудил дальнейшие шаги по реализации дорожной карты по реформированию госсектора с Всемирным банком
Бүгүн, 12 февралда, Кыргыз Республикасынын Биринчи премьер-министри Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Кремер жана мамлекеттик сектор боюнча адис Яна Куницкая менен жолугушту.
Жоомарт Оторбаев жолугушууну ачып жатып, 2013-жылдын 11-декабрда мамлекеттик секторду реформалоо боюнча жол картасынын бет ачаары ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи.
«Стратегиялык документтин бет ачаарында биз өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн жана жарандардан оң пикирлерди уктук. Ошондой эле бирден бир татаал секторлорду реформалоого системдүү мамиле кылуу жолдорун иштеп чыктык, бирок, эми бардык күч аракетибизди документ менен гана сыймыктанууга эмес, реформаны иш жүзүнө ашырып, анын натыйжасы ийгиликтүү болушуна жумшашыбыз керек», — деди Жоомарт Оторбаев.
Анын айтымында, азыркы баскычта стратегиялык документти түзүү менен алектенүү маанилүү, ал үчүн аталган максаттардын мониторингин уюштуруу үчүн атайын аянт уюштуруп, ошондой эле керектүү ресурстарды издештирүү керек.
«Реформалардын техникалык бөлүгүн аткаруу үчүн катчылык түзүү менен биз мындан да эффективдүү иш алып бара алабыз. Катчылыкта серепчилер бир гана техникалык маселелердин көпчүлүгүн аткарып тим болбостон, мониторинг жана отчет менен алектенишет. Алар өз учурунда Өкмөттүн , ошондой эле донорлордун чала жасалган иштерин көрсөтө алышат», — деди Биринчи вице- премьер-министр.
Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүктөрү башка донорлор менен биргеликте реформаны ишке ашырууну , ошондой эле катчылыктын ишин колдоого алышарын белгилешти.
«Жол картасын ишке ашыруу боюнча топ жогорку сапаттагы стратегиялык документке ылайык реформалоо процессин үзгүлтүксүз камсыздоо менен бирге, ошондой эле Өкмөткө аталган процессти жакшыраак башкарууга өбөлгө түзөт. Биз сиздердин мамлекеттик секторду реформалоодо жана аталган багытта лидерлик көрсөткөн жигердүүлүгүңүздөр менен көңүлдөндүк, өз учурунда бул маанилүү иште жардам берүүгө даярбыз», — деп жыйынтыктады Александр Кремер.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү