25

Июль

2014

Джоомарт Оторбаев обсудил проекты сотрудничества с делегацией из Республики Корея

Бүгүн, 25-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Улуттук Ассамблея депутаты Ким Джон Роком башында турган Корея республикасынын делегациясын кабыл алды.

Жолугушууну ачууда Жоомарт Оторбаев өткөн жылдын ноябрь айында КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин Корея республикасына расмий сапары болуп, анын алкагында кеңири маселелер боюнча маанилүү макулдашуулар орун алгандыгын билдирди.

Корея республикасынын биздин өлкөгө болгон кызыгуусу артууда. Буга байланыштуу жогорку деңгээлдеги саясый жолугушуулар абдан маанилүү. Мында биз депутат жана бизнесмендер аралык байланыштардын артышын күтүүдөбүз Ошондой эле Кыргызстанда корей инвесторлорунун жана туристтеринин көп болушуна кызыкдарбыз», — деди Жоомарт Оторбаев.

Андан соң Өкмөт башчы белгилегендей, бир ай мурда Таш-Көмүр шаарындагы ферросиликоалюминий заводунун курулушу башталды, анын инвестору катары дүйнөлүк металлургия жаатындагы ири POSCO компаниясы чыкты. Инвестициялар суммасы 100 млн АКШ долларын түзөт, ал эми өндүрүлгөн продукция көлөмү жылына 75 млн долларга барабар болот жана 1500 ашуун иш орундары түзүлөт.

“Биз мындай биргелешкен долбоорлор такай ишке кирип турушун каалаар элек», — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев. Өз кезегинде Ким Джон Рок белгилегендей, эки өлкө демократияга карата умтулуулары, коррупцияга карата күрөш жүргүзүүлөрү жана таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү аракеттериндеги багыттары бирдей.

“Келерки жылы корея тарап шайлоо учурунда добушту автоматтык түрдө эсептөө үчүн жабдууларды берүү боюнча долбоорду баштайт. Биз КР коррупцияга каршы күрөшүү жана таза шайлоо өткөрүүгө болгон аракетине жогору баа беребиз», — деди Ким Джон Рок.

Андан соң тараптар саламаттык сактоо, тактап айтканда, медициналык мекемелерди куруу жана КР Корея республикасына дары-дармек чөптөрүн экспорттоо жаатындагы биргелешкен долбоорлордун мүмкүндүгүн кеңири талкуулашты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү