04

Июль

2014

Джоомарт Оторбаев обсудил с коммерческими банками меры политики по внедрению безналичных платежей и развитию ипотечного кредитования

Бүгүн, 4-июль күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында бардык ири коммерциялык жана мамлекеттик банктардын, банк ассоциацияларынын, министрлик, ведомство жана Улуттук банк жетекчилигинин катышуусунда накталай эмес төлөм киргизүү жана ипотекалык насыялоону өнүктүрүү боюнча жыйын өттү.

Жыйынды ачып жатып, Премьер-министр Өкмөт POS-терминалдарды КНС төлөмүсүз киргизүү тууралуу чечим кабыл алгандыгын маалымдады. Ал үчүн Жогорку Кеңештин жактыруусун алуу керек. Аталган документ долбоору парламентке 2014-жылдын сентябрь айында түшөт.

«Биздин пикирде, КНС алынып салынган соң, банктар банкоматтардын санын 3 эсеге жана POS-терминалдардын санын 10 эсеге жогорулатат. Өз кезегинде, накталай эмес төлөмгө өтүү көмүскө экономика көлөмүн кыскартат”, - деди ал жана расмий эмес экономика көлөмү ИДП карата 40-60% жетээрин кошумчалады.

“Ишкерлер көмүскөдөн чыгып, салык төлөгүсү келбейт. Эгерде биз транзакцияларды мыйзамдаштыра алсак, анда көмүскөдөн 1 млрд АКШ долларын чыгара алабыз. Эгерде кеминде 1% мыйзамдаштырсак, бюджетке кошумча түрдө 10 млн доллар түшөт», — деди премьер.

Өкмөт башчынын маалыматына ылайык, өлкөдө 2014-жылга карай 724 815 карт иштеп жатат, бул өткөн жылга салыштырмалуу 34% көп. Ошондой эле 856 банкомат иштөөдө, бул 2011-жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп. Бюджеттик уюмдардын 80% банк аркылуу айлык акы берүүгө өттү. Мындан тышкары, Соцфонд пенсияларды төлөм карточкалары менен төлөп берүү программасын киргизди. 2014-жылдын башына карай, 173 миң пенсионер (30%) пенсиясын төлөм карточкалары аркылуу алат.

Ошондой эле Мамлекеттик салык инспекциясы салык төлөмдөрүн төлөм терминалдары аркылуу кабыл алууга өттү. ИИМ Жол-кайгуул кызматы бир нече банк менен биргеликте айыппулдарды кабыл алуу үчүн патрулдук унааларга 250 Пос-терминал орноткон. Айыппул төлөө үчүн супермаркет, май куюучу жайларда жана банктардын 35 бөлүмүндө 75 төлөм терминалдары пайдаланылат.

Жоомарт Оторбаев накталай эмес эсептешүүгө өтүүнүн оңдуу динамикасын белгилеп, маморгнадар бир гана банк менен эмес, бир нече банктар менен иш алып баруусу зарылдыгын билдирди.

«Монополияга жол бербөө керек. Мен тараптан маморгандар тендердик негизде бир нече банкты тартуусу боюнча тапшырма берилген», — деди Премьер-министр.

Күн тартибиндеги ипотекалык насыялоо боюнча экинчи маселени кароодо Жоомарт Оторбаев өлкөдө жылына 1 млн кв. м турак жай салынаарын белгиледи. Эсептөөлөр боюнча КР болжол менен 100 млн кв. м талап кылынат, азыркы курулуш темпи сакталса, ага 20 жылга жакын убакыт керектелет.

«Бишкекте ипотекалык насыялоонун жигердүү катышуусуз эле курулуш күч алуусу байкалууда, бирок муктаждыктарды канааттандырууга дейре көп бар. Өнүккөн өлкөлөрдө ипотекалык насыялоо боюнча үстөктөр бизнес-насыяларга караганда төмөн эсептелет. Ал эми Кыргызстанда башка кырдаал орун алган, ипотекалык насыялоо ставкасы жогорулатылган жана бизнес-насыядан жогору турат», — деди Өкмөт башчы.

Ал кошумчалагандай, 23 комбанктын 8и бүгүн ипотекалык тейлөө көрсөтөт. 2014-жылдын май айына карата өлкөнүн банк тутуму боюнча 6,4 млрд сомдук ипотекалык насыя берилген, же банк тутумунун кредиттик портфелинин 9,9% түзөт.

“Ипотека мөөнөтү 5 жылды түзүп, эң көп дегенде 10 жылга созулат, бирок бул бүгүнкү күндүн чындыгынан алыс болуп саналат. Учурдагы кредиттин ставкаларын жана берүү мөөнөтүн эске алганда, аларды ипотекалык деп атоо кыйын. Ипотекалык насыялар 10-25 жылга берилүүсү тийиш”, — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр белгилегендей, ипотекалык насыялоону өнүктүрүү үчүн ипотекалык кредиттер үчүн кыймылсыз мүлктөн чыгаруунун жаңы тартибин киргизүү, турак-жайдан чыгарылган жарандар үчүн убактылуу турак-жай түзүү маселесин иштеп чыгуу, күрөө алуунун соттон тышкаркы тартиби боюнча маселени кайрадан карап чыгуу, ипотекалык насыялоо боюнча банктар үчүн потенциалдуу жоготуулар жана чыгашаларды жабуу боюнча талаптарды жеңилдетүү, ипотека боюнча укуктук нормаларды өнүктүрүү, ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жүгүртүү боюнча мыйзамды жакшыртуу, ипотекалык насыялоону каржылоо үчүн Соцфонд каражатынын топтолмо бөлүгүн пайдалануу керек.

[gallery ids="38125,38126,38127,38128,38129,38130,38131"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү