06
Май
Джоомарт Оторбаев обсудил с Международным валютным фондом результаты работы по текущей программе и планы по будущему сотрудничеству
Бүгүн, 6-майда, Кыргыз республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасы менен Эл аралык валюта фондунун экономикалык жана каржы саясаты боюнча Меморандумду ишке ашыруу жөнүндө программанын аткарылышын максат кылып, Кыргызстанга келген Эл аралык валюта фондунун миссиясын кабыл алды.
Аталган бирдиктүү программа 2011-жылдан бери ишке ашып келет жана макроэкономикалык туруктуулукка, экономикалык өсүштөргө, мамлекеттик башкарууну жакшыртууга багытталган. Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы төлөмдөрү учурда 87,6 млн. долларга жетти.
Премьер – министр жолугушууда программа шартын жана Өкмөт менен Улуттук банк жүргүзгөн экономикалык саясаттын аткарылышы менен Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрүн тааныштырды. Ал сомдун курсунун олку-солку абалын калыпка келтирүү, бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо, бажы башкарууларын реформалоо боюнча Улуттук банк тарабынан көрүлгөн чараларды белгиледи.
Тараптар КМШ өлкөлөрүндө экономикалык өсүштүн төмөндөшү, КР негизги өнөктөштөрүнүн абалынын начарлашы КР экономикасына болгон тобокелдиктерди талкуулашты.
Премьер-министр үч жылдык программанын аякташы менен Кыргызстандын өнөктөштүк жаатында жаңы мамилелерди түзүүгө кызыктар экендигин баса белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү