21
Февраль
Джоомарт Оторбаев обсудил с партнерами по развитию реформы в энергосекторе
Бүгүн, 21 февралда, Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев энерго секторун реформалоо боюнча биргеликтеги иш аракеттерди КР ЮСАИДтин өкүлчүлүгүнүн башчысы Майкл Грин жана АӨБнын туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Рие Хираока менен талкуулады.
Жолугушууну ачып жатып, Жоомарт Оторбаев донорлук уюмдардын жетекчилерин эенерго секторунун тармагында реформа жүргүзүүдө мыйзам чыгаруу базасын даярдоо, ошондой эле инвестициялык долбоорлор, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу тууралуу маалымдады.
Өз учурунда донорлук уюмдардын жетекчилери мыйзам чыгарууда энергия чыгаруучуларга да , колдонуучуларга да көзкаранды болбогон тармакты жөнгө салуунун иш аракеттерин аныктоо жана бекитүү маанилүү экендигин белгилешти.
Жыйынтыктап жатып, жолугушуунун катышуучулары энерго компанияларын башкаруудагы ички менеджментти колдоо боюнча маселелерди карашты.
КР Өкмөтүнүн аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү