04

Май

2014

Джоомарт Оторбаев обсудил совместные проекты с Всемирным Банком

Бүгүн, 3-майда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Бүткүл дүйнөлүк банктын (БДБ) Вице-президенти Лора Так менен биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты.

Жоомарт Оторбаев Бүткүл дүйнөлүк банкты CASA-1000 (45 млн. долл.) долбоорун жана “Орто Азияда (Ош-Худжант) байланыш жолдорун жакшыртуу долбоорун” (45 млн. долл.) каржылоону жактырганына ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр CASA-1000 долбоорун Ислам өнүгүү банкынын директорлор кеңеши 50 млн. доллар көлөмүндөгү каражат менен каржылоону май айында карай турганын айтты.

Өкмөт башчы апрель айында өткөн Кыргызстандагы ишканалардын жана бизнес-чөйрөнүн натыйжалуулугу боюнча БДБнын изилдөөлөрүн жогору бааларын айтты.

“Бул изилдөөлөр өлкөдө мамлекеттик башкарууну модернизациялоо, инвестициялык климатты жакшыртуу багытындагы коррупцияга каршы реформалардын башталганынан кабар берет. Мен Өкмөт мүчөлөрүнө изилдөө боюнча сунуш берүүнү тапшыргам”, - деди Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр жаңы өкмөттүн “ачык өкмөт” саясаты жөнүндө да маалымдады.

Маалымат:

Көз карандысыздыкка жетишкенден бери БДБ 1212,8 млн. доллар каржылык жардам берген. Бул каражаттар транспорт, айыл чарбасы, энергетика, саламаттык сактоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, калкты социалдык коргоо тармактарына багытталган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү