26
Апрель
Джоомарт Оторбаев объявил выговор директору Государственной инспекции ветеринарной и фитосанитарной безопасности при Правительстве КР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бүгүнкү жыйынындагы маселелердин бири өлкөдө эпизоотикалык коопсуздукту камсыздоо чаралары жөнүндө мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын маалыматын угуу болду.
Премьер-министр белгисиз себептер менен инспекциянын жетекчилиги бул маселени кийинкиге жылдырууну суранышкан. “Өлкөнүн учурдагы мындай маанилүү жана приоритеттүү маселесин кийинкиге жылдыра албайбыз. Аталган маселени биз кеч карап жатабыз”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы белгилегендей, инспекциянын ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн реформалоо керек.
Жоомарт Оторбаев ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Азизбек Шакировго малды жазгы вакцинациялоону үзгүлтүккө учуратканы үчүн сөгүш жарыялады.
Биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев жакында бул багытта жыйын өткөргөндүгүн жана ветеринардык инспекциянын ишине сын айтылганын билдирди.
“Вакциналоонун бир тобу былтыркыдан калган биокаражаттардын жардамы менен жүргүзүлдү. 2013-жылдын күз айынан тарта вакциналарды алып келүүнү үзгүлтүккө учураткандары үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылды. Арийне, ушул жооптуу мезгилде иш менен алектенгендин ордуна директор ооруканага жатам дейт. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен инспекциянын директору Азизбек Шакировду кызматтан алууну сунуштайм”, — деди Т.Сарпашев.
Аталган инспекциянын ишине нааразычылыктарын Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөру да айтышты.
Өкмөт мүчөлөрү күн тартибиндеги аталган маселени жакынкы арадагы жыйында дагы талкуулоону чечишти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү