04

Апрель

2014

Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына расмий киришти

Бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүн тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен тааныштырган Данияр Нарымбаев Премьер-министрге, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө мамлекетибиздин жана элдин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылууларына ийгиликтерди каалады. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жетекчилик кылган Өкмөт мүчөлөрүнө парламенттик коалициялык көпчүлүктүн атынан “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов куттуктады. “Жаңы Өкмөт Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын иш мөөнөтүнүн аягына чейин иш алып баруусуна тилектешмин. Кыйынчылыктарга карабай, алдыга койгон милдеттенмелерди биргелешип аткарууга багытталган оптимизм бар”, – деп сөзүн жыйынтыктады Феликс кулов. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентине жана Жогорку Кеңешке көрсөтүлгөн ишенимге ыраазычылыгын билдирди. “Биздин негизги максатыбыз – Кыргызстанды өркүндөтүү”, – деди ал.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү