29
Апрель
Джоомарт Оторбаев определил приоритеты сотрудничества с Организацией ООН по промышленному развитию
Бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев БУУнун өндүрүш тармагын өнүктүрүү боюнча (ЮНИДО) башкы директору Ли Юн менен жолугушту.
Жоомарт Оторбаев Ли Юну кызмат ордуна жаңы дайындалышы менен куттуктады жана 1994-жылдан бери Кыргызстанга техникалык жардам көрсөткөн Уюмга ыраазычылык билдирди.
Премьер-министр Орусияга жашылча-жемиштерди жеткирүүдө логистикалык платформасынын байланыш тизмектеген технико-экономикалык негиздеги долбоордун жогорку сапатын белгиледи.
Өкмөт башчы ЮНИДО менен келечектүү кызматташуунун приоритеттерин аныктады. “Биз соода байланыштарын чыңдоо, энергетика, туризм, агро өнөр жайы боюнча долбоорлорду жайылтуу ишин бекемдешибиз зарыл”, - деди Премьер-министр.
Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда келечектүү тармак органикалык жашылча-жемиштер өндүрүшү.
“Биз өлкөнүн түштүгүндө Кытайга органикалык продуктыларды экспорттоонун логистикалык борборун уюштурушубуз керек. Азыр Орусия менен каттамдарды иштеп чыгуудабыз, Кытай менен иш жакшы жүрбөй жатат. Кытай биздин жакынкы коңшу, ошол себептен ишти жигерлетүүбүз абзел. Бул кызматташтыкта, биздин фермерлер чоң рынокко чыгышат, кытайлыктар анча кымбат эмес баада органикалык таза продуктылар менен камсыз болушат”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министр туристтерди тартуу максатында Кыргызстан-КЭР түз аба каттамдарын жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ли Юн ЮНИДО Кыргызстан менен кызматташтыкты дагы кеңейтээрин айтып, белгиленген багыттар боюнча өнөктөштүктү чыңдоорун белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү