19
Апрель
2014
Жоомарт Оторбаев: Кайра иштетүү өнөр жайы – агрардык тармактын өнүгүшүнүн локомотиви
Бүгүн, 19-апрелде, Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев “Мол-Түшүм” айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
“Мол-Түшүм” кооперативинин мүдүрү Абдирашид Халмурзаев баяндагандай, ишкана 2004-жылы түзүлгөн, абрикосторду тазалоо, сорттоо жана таңгактоо иштерин аткарат. Кооперативдин өнүгүшүнө USAID жана ПРООН чоң жардам берген.
“Биз жигердүү өнүгүп келебиз жана жаңы сатуу рыногуна муктажбыз. Учурда биз даяр продукцияны Бишкек шаарына жана республиканын түндүгүнө жеткирүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп келебиз. Биз иштегибиз келет жана Өкмөттү продукциябызды өткөрүүдө жардам берүүсүн суранабыз. Ошондой эле кайра иштетүү тармагын, жалпы эле айыл чарбасынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүп жаткан бийликке ыраазычылык билдиребиз. “айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында биз 1 млн. сом насыя, базар баасынан төмөн 800 тонна минералдык жер семирткич алдык. Бул биз үчүн чоң колдоо”, – деди кооператив башчысы.
Жоомарт Оторбаев Кыргыз Өкмөтү мындан ары да айыл чарбасынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бураарын айтты. “Агрардык тармакты өнүктүрүүгө баардык шарттар түзүлгөн, бул – жеңилдетилген насыя, салык төлөмдөрүнүн жеңилдеши, айыл чарба техникасын лизингге берүү, минералдык жер семирткичтерди төмөндөтүлгөн баада берүү, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбасын колдоо. Бул айыл жерлеринде кооперацияны өнүктүрүүгө байланыштуу – биз күчтүү кооперативдерди түзүү боюнча демилгелерди колдойбуз. Кайра иштетүү өнөр жайы – агрардык тармактын өнүгүшүнүн локомотиви экенин унутпайлы. Заманбап жабдылган, кайра иштетүү өнөр жайысыз толук кандуу айыл чарбасын өнүктүрүү мүмкүн эмес”, -деди Өкмөт башчы.
Ал эми “Мол-Түшүм” кооперативинин продукциясын республиканын түндүгүнө жеткирүү багытындагы маселенин чечилишин Жоомарт Оторбаев кооператив башчысы Абдирашид Халмурзаев менен Бишкекте жолугушуу учурунда талкууларын айтты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү