17

Июль

2014

Джоомарт Оторбаев: «План 2014 года по сбору налоговых платежей должен быть, безусловно, выполнен».

Бүгүн, 17-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын январь-июнь айлары үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин, Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) жетекчиси Замир Осмоновдун жна экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйынды ачууда Жоомарт Оторбаев МСК ишиндеги айрым оңдуу жыйынтыктарды, анын ичинде Дордой жана Кара-Суу базарларынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү кызматкерлерди ротациялоонун жүргүзүлүшүн белгиледи. Премьер-министрдин маалыматы боюнча, аталган чара Дордой базарынан гана бюджетке ар ай сайын түшчү кирешелердин 4 млн сомго жогорулашына алып келди.

Ошондой эле Өкмөт башчы МСК салык отчеттуулугун берүүнүн өздүк автоматташтырылган тутумун киргизүү боюнча демилгесине оңдуу баа берди. Натыйжада, электрондук отчетко акы алуучу жеке компаниянын монополиясы жоюлуп, өлкөнүн бардык жарандарына МСК түздөн-түз акысыз электрондук отчет тапшыруу мүмкүндүгү түзүлдү.

МСК жарандардан салык документтерди кабыл алуу жана байланыш түзүү боюнча ишинин автоматташтырылышы 2015-жылдын 1-январында толук бүткөрүлүшү тийиш, бул өз кезегинде болжол менен 200дөй салык орган кызматкерлеринин кыскартылышына алып келет. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, МСК тарабынан ири соода комплекстеринде патенттерди жана башка салык түрүн накталай эмес ыкмада төлөө үчүн терминалдар орнотулган. Премьер-министр аталган тажрыйбаны республиканын бардык аймагына жайылтуу тапшырмасын берди.

«Өкмөттүн МСК аймак аралык, анын ичинде Бишкек шаарындагы подразделенииелерин 2015-жылдын 1-январынан тарта жоюу тууралуу чечимин белгилеп кетүү керек, бул өз кезегинде подразделенииелер аралык функциялардын кайталанышын жоюп жана ишкерлердин ишин жеңилдетүүгө шарт түзөт», — деди Жоомарт Оторбаев.

Өкмөт башчы МСК салык салуунун патенттик тутумун ырааттуулук менен жоюу боюнча ишин улантуусу керектигин, бирок ошол эле учурда контролдук-кассалык операцияларды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана төлөмөрдү фискалдаштыруунун баскычтуу механизмин киргизүү зарылдыгын билдирди.

Көйгөйлүү аспектилердин катарына Жоомарт Оторбаев салык төлөмдөрдү чогултуу боюнча пландын аткарылбашын атады. 2014-жылдын 6 айында план болгону 94,2% аткарылган, натыйжада 1 млрд 163,4 млн сом чогултулбай калган. Салык төлөмдөрүнөн бюджетке 18 млрд 976,4 млн сом суммасындагы каражат түшкөн.

Премьер-министр ошондой эле жыл башынан бери салыктык карыз 113,2%, же 200 млн сомго жогорулагандыгын белгиледи. Акциздик салык чогултуу боюнча артта калуу байкалууда. Үстүбүздөгү 6 ай ичинде бюджетке 624,9 млн сом суммасындагы акциздик салык түшкөн, мында болжолдун аткарылышы 81,4% түзүп, же пландаштырылган суммадан 142,4 млн сомго азыраак каражат чогултулган. Жыйын соңунда Жоомарт Оторбаев ай сайын салык чогултуу боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылыш динамикасын мониторингдөөнү жана салык чогултуу боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткара албаган начальниктерди кызматтан бошотууга дейре чараларды көрүүнү тапшырды.

“МСК тутумунда “кол тийбес” адамдар болбошу керек. Салыктарды чогултуу боюнча план аткарбагандар жеке жоопкерчилик алуусу тийиш», — деген Премьер-министр өзгөчө көңүл Бишкек шаары боюнча чогултууларга бурулуп, салык резервдерин колдоно албаган жана планды аткарбаган жетекчилерге карата чара көрүлүшү керектигин белгиледи.

Жоомарт Оторбаев мындан тышкары, салык төлөмдөрүн негизсиз түрдө эсептелген жана кошуп эсептелген суммасы үчүн салык орган кызматкерлеринин жана аларга тийиштүү начальниктердин, сотко чейинки тартипте материалдык жана башка жоопкерчилигин көрсөткөн механизм үстүндө иштөөнү тездетилген тартипте жыйынтыктоону тапшырды.

Ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү бардык тейлөө жана функциялары боюнча аймактык салык органдарынын так жана ачык ишин камсыздоочу атайы административдик регламенттерди иштеп чыгуу тапшырылды.

«Биз 100% чогултууну камсыздоо менен катар бизнестин ыңгайлуу иштешине шарт түзүүбүз керек», — деп жыйынтыктады Премьер-министр.