24

Июль

2014

Джоомарт Оторбаев: «Поддержка реформы Правительства со стороны наших партнеров по развитию принципиально важна для нас»

Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында КР Өкмөтүнө караштуу Өнүктүрүү боюнча шериктер менен өз-ара аракеттешүү боюнча координациялык кеңеш болуп өттү.

Кеңештин ишине министрлик жана ведомстволордун, ошондой эле эл аралык финансы институттарынын, донордук уюмдардын жана элчиликтердин жетекчилери катышты. Жыйындын негизги милдети катары мамлекеттик секторду реформалоону аткаруу боюнча жылыштарды талкуулоо жана биргелешип кызматташуу келечегин аныктоо, ошондой эле жеке тармакты өнүктүрүү стратегиясын кошумча каржылоо маселеси каралды.

Жолугушууну ачууда Жоомарт Оторбаев белгилегендей, донордук уюмдар менен биргелешип аткарган келечектүү багыттагы иштердин бири катары мамлекеттик башкаруу боюнча Жол картасын ишке ашыруу болуп саналат. Премьер-министр кошумчалагандай, донордук уюмдар менен биргелешип иштеп чыккан чаралар планы 66 иш-чарадан туруп, анын 25и – кыска мөөнөттүү болуп саналат.

“Мамсекторду реформалоо боюнча иш-чараларды Жол картасына киргизүүнүн негизги талабы катары анын аткарылыш реалдуулугу жана аны колдоо үчүчн финансылык жана адамдык ресурстардын бардыгы эсептелет. Анын бардыгы Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын талаптарына жооп берет. Бүгүнкү күнгө карата и66 иш-чаранын 15и аткарылган, анын ичинде донорлор да колдоо көрсөтүшкөндөрү бар.

Тактап айтканда, мамлекеттик сатып алуулар боюнча көзкарандысыз департаменттин түзүлүшү, сот тутумун каржылоону жогорулатуу, энергетика тармагындагы көзкарандысыз жөнгө салуу жана эсептик борборду түзү, “Жер казнасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү, мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө стандарттарын бекитүү жана башкаларды айтууга болот», — деди Жоомарт Оторбаев.

“Коомчулук бизди колдоого алууда жана реформа өткөрүү үчүн тийиштүү басым көрсөтүүдө, ал эми өкмөт мамлекеттик башкаруу сапатын жакшыртууда. Министрлер кабинетинин ишиндеги келечектүү багыттар аныкталган, алар бардык багыттар боюнча талкууланат. Биз үчүн сиздердин институттагы биздин рейтингдерди жогорулатуу маанилүү жана буга байланыштуу мамлекеттик башкарууну реформалоо актуалдуу мүнөз алууда», — деди Ж.Оторбаев.

Андан соң Жоомарт Оторбаев мамлекеттик башкарууну реформалоону ишке ашырууга жоопкер министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине донордук уюм өкүлдөрү менен жолугушуп, иш-чараларды аткаруу мөөнөтүн талкуулоону, ошондой эле аталган багыттагы күчтөрдү багыттоого жоопкер жактарды аныктоо тапшырмасын берди.

Экономика министри Темир Сариев өз баяндамасында жеке секторду өнүктүрүү боюнча стратегияны биргелешип аткаруунун башталышынын маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, стратегиянын жумушчу варианты даяр, учурда бизнес-коомчулук тарабынан жигердүү талкууланууда.

«Биз жеке секторду өнүктүрүү боюнча стратегия бизнес-коомчулук менен бирге иштелип чыгышын жана алардын талабына толук жооп бергидей болушун каалайбыз. Сентябрь айынын соңуна дейре ишке ашыруу, мониторингдөө жана коммуникациялык пландар иштелип чыгат», — деп белгиледи Темир Сариев.

Эл аралык уюмдар жана элчилик өкүлдөрү өз кезегинде мамлекеттик жана жеке тармактагы реформаларды ишке ашырууга колдоо көрсөтөөрүн билдирип, айрым жетишкендиктерди белгилеп кетишти.

Тактап айтканда, КР USAID жетекчиси Майкл Гриндин айтымында, Кыргызстан орто кирешелүү чектен ашып өттү жана калкты бул жетишкендик менен куттуктады. Ал белгилегендей, бардык реформалар жарандык коомчулук жана ЖК менен биргеликте ишке ашырылышы керек.

“Эки Жол картасында ишке ашырылчу жана так жыйынтыктар көрсөтүлгөн. Кыргызстан өзүнүн чакырыктарына каршы күрөшүүдө жакшы натыйжаларды көрсөттү. Ошондуктан бизде ишенимдүү үмүттөр бар», — деди ал.

Андан соң КР РФ Элчисинин кеңешчиси Алексей Мзареулов белгилегендей, Россия КР өнүгүү жаатындагы жакынкы шерик катары карайт. «Кыргызстан гана аймактагы демократиялык өлкө болуп саналат. Сиздердин республика ЕКПА мамлекеттеринин демократия боюнча шериги болуп таанылды. Сиздер ФАТФ тизмесиндеги “күңүрт тизмеден” чыгарылдыңыздар, бул учурдагы министрлер кабинетинин жетишкендиги болуп саналат», — деди ал.

«Россия мындан ары карай дагы Борбор Азиядагы ири донор бойдон калат. Бажы биримдигине жана Евразиялык биримдикке кирген соң дагы биз өнүгүү жаатында толук кандуу кызматташабыз», — деп билдирди Алексей Мзареулов.

Жыйын соңунда Жоомарт Оторбаев донордук коомчулукка колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары карай да ийгиликтүү кызматташуу уланаарына ишеним билдирип кетти.