24

Апрель

2014

Джоомарт Оторбаев подверг критике работу ГТС по администрированию таможенных платежей

Бүгүн, 23-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында жакында иштелип чыккан бажы системасын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында 2014-2017-жылдарда тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө жардам көрсөтүү Стратегиясын талкуулоо боюнча министрликтер менен мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда кеңири кеңешмеси болду.

Кеңешмени ачып жатып Жоомарт Оторбаев 2010-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта импорттун көлөмү 2,25 эсеге, ал эми бажы төлөмдөрү 2,65 эсеге көбөйгөн. Анткен менен Премьер-министр белгилегендей мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрүн башкаруу ишинин жакшырышы байкалбайт.

“Бүгүнкү күндө биз бажы төлөмдөрүн башкаруу ишинин жакшырып кетиши жөнүндө айта албайбыз. Эгерде импорт көлөмү 2 эсе, ал эми бажы төлөмдөрү 4 эсе жогоруласа мамлекеттик бажы кызматынын ишин ийгиликтүү деп баалайт элек. Анткен менен иштин жакшырышы импорттун көлөмүн жогорулатууда өлкөдө инвестициялык жагымдуу шарт түзө билген Өкмөттүн ишинен көрүнөт”, - деди Жоомарт Оторбаев.

Стратегиянын сунушталышынан кийин, Премьер-министр маалыматтын жана анализдин сапатынын начардыгын белгиледи.

“Реформалоо этаптары жөнүндө маалымат кана, бажы кызматынын ишинин анализи жок. Учурда импорт боюнча бажы документтерин алууда Бүткүл дүйнөлүк банк билдиргендей 75 күн талап кылынат. Эмне себептен импортерлор мындай бюрократия менен келишиши керек? Экспортко 63 күн сарпталат. Мамлекет Бүткүл дүйнөлүк банктын рейтинги боюнча тышкы соодада 182-орунда турат. Ушул багытта иш алып баруу зарыл”, - деди Жоомарт Оторбаев Стратегияны кайра иштеп чыгууну тапшырып.

[gallery ids="34610,34611,34612,34613,34614,34615,34616,34618"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү