07
Апрель
2014
Жоомарт Оторбаев салык жана бажы кызматтарынын ишин сынга алды
Бүгүн, 7-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 1-кварталындагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, 1-кварталда ички дүң продукция 5,6 пайызга өсүп, негизги капиталга 33 пайыз инвестиция тартылган. “Өсүү деңгээли сакталууда, экономиканын өсүшү да туруктуу”, – деди Премьер-министр.
Арийне, мындай өсүштөргө карабастан, салык жана бажы жыйымдары 1 кварталга карата жетишсиз.
2014-жылдын 3 айында мамлекеттик бюджетке 9 407 млн. сом салык жана төлөмдөр жыйналган, прогноз боюнча 10 531,4 млн. сом болсо, мерчем 89,3 % га аткарылып, 1124,4 млн. сом жетишсиз.
Бул убакыт аралыгында бажы кызматы 7 459 млн. сом камсыз кылды, прогноз боюнча 7698,2 млн. сом болуп, 96,9 % план аткарылды, 239,3 млн. сом жетишсиз.
Жоомарт Оторбаев мамлекеттик бажы кызматынын баардык түзүмдөрү иш түзүндө прогноздук көрсөткүчтөрдү тиешелүү деңгээлде аткарышпагандыгын айтты.
“Бизде бюджеттин киреше бөлүгүнүн жетишсиздиги байкалат. Салык жыйноодо канааттандыраарлык иштер жок. Биз мындайга жол бербешибиз керек. Биздин коом алдында социалдык милдеттенмелерибиз бар”, – деди Өкмөт башчы, бирок буга карабай баардык социалдык милдеттенмелер толук көлөмдө каржыланат деп кошумчалап.
Жоомарт Оторбаев билдиргендей, айыл чарбасына, анын ичинде жазгы талаачылык иштерине аталган берене боюнча каражат каралат. Мындай кырдаалды эске алуу менен, капиталдык салым беренесине каражат азыраак каралышы толук ыктымал.
[su_youtube url="https://www.youtube.com/watch?v=Bk0XXwojp3w" width="360" height="620"]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү