26

Апрель

2014

Джоомарт Оторбаев поручил доработать вопрос по цифровому вещанию в рабочем порядке

Бүгүн, 26-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө, Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында Өкмөттүн кезектеги жыйыны өттү жана күн тартибинде “Кыргыз Республикасынын санариптик телерадиоберүүгө өтүү баскычтары жөнүндө” маселе каралды.

Жыйында “Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү Программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун мерчемдерди аткаруусу жөнүндө” негизги докладды маданият, маалымат жана туризм министри Айнура Темирбекова жасады.

Министрдин орун басары санариптик берүүгө өтүүдө программаны каржылоодо бир катар көйгөйлөр бар экенин айтты.

“2014-жылдын эсеби боюнча белгиленген жумуштарды аткарууга 550 млн. сом бөлүү зарыл болсо, Жогорку Кеңеште долбоорду талкуулагандан кийин баардык иш-чараларга бир жылга 100 млн. сом бөлүү чечими кабыл алынган. Анын 70 млн. сому – мамлекеттик телеканалдарды жаңылоого, 30 млн. сому – мамлекеттик буйрутманы аткарууга”, - деди Айнура Темирбекова.

Министрдин орун басарынын айтуусунда Министрлик мамлекеттик буйрутма жөнүндө жобо, улуттук аудиовизуалдык продуктыны өндүрүшкө алып чыгууга мамлекеттик буйрутманы жайгаштыруу үчүн сынак жөнүндө Жобо, аудиовизуалдык өндүрүштүн темасы, түрлөрү даярдалып, иштелип чыккан. Сынак жарыялоонун токтоп турушуна Программада мамлекеттик тилде гана продукт түзүү жагы каралган, бирок Министрлик аны эки тилде бирдей алып баруу керек экенин айтып чыкты.

Талкуудан соң, Өкмөт башчы вице-премьер-министр Эльвира Сариевага сөз болуп жаткан маселени өз убагында чечүүнү тапшырды.

“Маселе даяр эмес. Санариптик берүүгө өтүү боюнча протоколду кайра иштеп чыгыңыздар”, - деди Жоомарт Оторбаев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү