14

Август

2014

Джоомарт Оторбаев поручил усилить меры по подготовке к ОЗП во всех регионах

Бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев экономика тармактарын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча селектордук жыйын өткөрдү.

Жыйынды ачууда Премьер-министр өлкө түштүгүнө Өзбекстандан газ берүүнүн токтотулушу жана Токтогул суу сактагычындагы суунун агып киришинин төмөнкү деңгээлде болушуна байланыштуу энергетикалык тармактагы оор кырдаалга жараша келерки жылытуу мезгилине өз убагында жана тийиштүү даярдык көрүүнүн маанилүү экендигин белгиледи.

Жыйында республиканын түштүк аймагын газ менен камсыздоо, Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушу, отун камдоо, оңдоо иштерин жүргүзүү жана башка маселелер боюнча чаралар кеңири талкууланды.

Күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү боюнча маалыматты Кыргыз Респуликасынын энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Тармактык министрлик башчысынын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 12-августуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 610 млн м3 түзөт(бул 2013-жылдын август айына салыштырмалуу 3 млрд 526 млн м3 аз).

“Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушуна байланыштуу абал татаал болуп эсептелет. Июнь айында суу сактагычка агып кирген көлөмү тийиштүү норманын 75% түзсө, ал эми июлда 67% түзгөн. 2014-жылдын 3-кварталынан карата суунун агып кирүүсү 77% барабар болоору болжолдонууда. Мында белгилей кетчү нерсе, жыл сайын энергияны керектөө көлөмү өсүүдө. Алсак, өткөн кышта суткалык электр энергиясын керектөө көлөмү эң жогорку чекке чыгып, 71 млн кВт саатты түзгөн. Ал эми жайкы керектөө өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 2 млн кВт саатка көбөйгөн. Бардык факторлорду эске алуу менен электр энергиясын керектөөчүлөр негизсиз керектөөнү кыскартууга, чектелген лимитти карманууга жана турак-жайды көмүр менен жылытууга өткөрүүгө көңүл буруусу тийиш», — деди Осмонбек Артыкбаев.

Министр белгилегендей, 2014-жылдын 7 айында республика боюнча электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 8 843,5 млн кВт саатты түзгөн, же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 111% түзгөн, анын ичинде ГЭСте - 8 126,6 млн кВт саат, ал эми ЖЭБде 716, 8 млн кВт саат энергия өндүрүлгөн.

Энергетика жана өнөр-жай министринин отчетун уккан соң, Жоомарт Оторбаев түзүлгөн оор кырдаалды эске алуу менен бардык маморгандар экономика тармагын жылытуу мезгилине камдоо ишине олуттуу көңүл бурушу зарыл. «Учурда айрым министрлик жана ведомстволор, аймактар алар үчүн электр энергиясын пайдалануу чегин жогорулатууну өтүнүүдө. Буга байланыштуу белгилеп койчу нерсе, керектөө чеги жогорулатылбайт. Тескерисинче, учурда сөз аларды кыскартуу тууралуу жүрүшү мүмкүн», — деди Премьер-министр.

Ошондой эле Жоомарт Оторбаев белгилегендей, 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана аны туруктуу өтүү боюнча ар-бир облуста иштиктүү топтор түзүлгөн.

“Топтордун мүчөлөрүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесине жоопкерчиликтүү кароосун өтүнөм. Бардык райондордо жылытуу мезгилинен өтүү үчүн керектелчү отун түрү жана көлөмү так аныкталып, анын баасы көрсөтүлүп, жекече отун картасы түзүлүшү кажет. КР Өкмөтүнө караштуу Антимонополдук жөнгө салуу мамагенттиги тарабынан көмүргө карата баалардын эсеби даярдалган. Учурда биз аны талдап жатабыз. Көйгөйлөрдү ыкчам чечүү максатында бизге өз маалында маалымдап турууну өтүнөбүз», — деп белгиледи Премьер-министр Жоомарт Оторбаев.

[gallery ids="39967,39970,39971,39969"] КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү