05
Май
Джоомарт Оторбаев посетил Назарбаев Университет в Астане
Бүгүн, 4-майда, Кыргыз республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Астанадагы Назарбаев Университетине барды.
Ал жакта Өкмөт башчы окуу жайынын президенти Шигео Катсу жана мугалимдер жамааты менен жолугушту.
Жоомарт Отрбаев университеттин жасап жаткан иши жана мерчемдери менен таанышкан соң, Казакстан менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетип жигерлештирүү, студенттер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуусун уюштуруу, изилдөө долбоорлорун ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.
Жоомарт Оторбаев Университеттин дасыккан кадрлар менен камсыздалышын, илимге болгон дилгирликти, дүйнөнүн жана Орто Азиянын алдыңкы окуу жайлары, окумуштуулары менен байланышын жана чечим кабыл алуудагы колдоону жогору баалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү