02
Июль
Джоомарт Оторбаев потребовал отчета по ситуации, сложившейся с нехваткой поливной воды в Чуйской области
Бүгүн, 1-июлда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Чүй облусундагы сугат суу тартыштыгы маселесин чечүү боюнча жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, аталган маселе токтоосуз түрдө чечилиши кажет. “Бүгүнкү күнгө карата айыл чарба өндүрүүчүлөрү сугат суунун тартыштыгын баштан өткөрүүдө. Биз дыйкандарга кырдаал боюнча так маалымат берүүбүз керек, анткени мындан өлкө үчүн маанилүү көп нерселер көзкаранды ”, – деди ал. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 12-майында министрликте суу көлөмүнүн аздыгына байланыштуу кооптуу кырдаалдын алдын алуу боюнча штаб түзүлгөн. Тийиштүү подразделение жетекчилерине сууну атайы чектелген норма боюнча ыкчам бөлүштүрүү тапшырмасы берилген. “Быйылкы жылы жаз болжол менен 20-25 күнгө кечирээк келгендигине байланыштуу, тоодон түшкөн суулар кечигүүдө, ошондой эле быйыл дыйкандар техникалык өсүмдүктөрдү, төө буурчакты көп себишкен, өзгөчө мындай абал Чүй өрөөнүндө байкалууда. Эгерде так маалыматтарга кайрыла турган болсок, өткөн жылы ушул мезгилге карата 203 миң га жер сугарылса, учурда 215 га жер сугарылды, бул 12 миң га көп дегенди билдирет. Өткөн жылы ушул күнгө карата 347 млн куб суу келсе, учурда ал көрсөткүч 347 млн кубду түзөт», — деди Таалайбек Айдаралиев. Министр белгилегендей, дыйкандар көп жылдык өсүмдүктөрдү эрте жазда сугаруу ишин кечеңдетип коюшкан, ал эми сугат иштери массалык түрдө бир убакытта башталып кеткендигин байланыштуу суу тартыштыгы орун алган учурлар болду. Т.Айдаралиевдин айтымында, сугат суунун тартыштыгы убактылуу мүнөзгө ээ, 5-10-июлга карай суу көлөмү өз нормасына түшүүсү күтүлөт жана сууга карата муктаждык толугу менен жабылат. “Учурда мониторингдөө иштери жүрүп, биз метеорологдор менен тыгыз иште болуп, дыйкандар арасында түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүп жатабыз”, — деп маалымдады министр Таалайбек Айдаралиев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү