18

Январь

2014

Джоомарт Оторбаев принял делегацию Международной группы по предотвращению кризисов

Бүгүн, 17-январда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Президенти Луис Арбор башында турган каатчылыкты жоюу боюнча Эл аралык топтун өкүлдөрүн кабыл алды

Аталган көз карандысыз, коммерциялык эмес, бейөкмөт топ 1995-жылы түзүлгөн жана коркунучтуу чыр-чатактардын алдын алып, чечип келет.

Жолугушууда Жоомарт Оторбаев өлкөдөгү коомдук-саясий, экономикалык кырдаал менен жана былтыркы жылдагы жетишкендиктер менен реформалар жөнүндо тааныштырды.

“Экономикалык жактан өнүгүү үчүн демократиялык коом түзүп, коррупция менен күрөшүү керек. Кыргызстан үчүн каатчылыкты жоюу боюнча Эл аралык топ менен мындан ары ишти алып баруу маанилүү”, - деп баса белгиледи ал.

КР Өкмөтүнүн аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү