14
Июль
Джоомарт Оторбаев принял нового главу миссии МВФ в Кыргызской Республике
Бүгүн, 14-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк Валюта Фондунун миссия жетекчиси Эдвард Гемайелди кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы жетекчинин келиши менен кызматташуу ийгиликтүү уланып жана жаңы натыйжалар орун алаарына ишеним билдирди.
Андан соң Жоомарт Оторбаев Миссия мүчөлөрүнө КР учурдагы социалдык-экономикалык өнүгүү абалы, 2014-жылга карата күтүлгөн болжолдор жана 2015-жылга карата негизги милдеттер жана болжолдор тууралуу маалымат берип, ошондой эле Кыргыз республикасынын Бажы биримдигине кирүү маселесине кеңири токтолду.
Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруу алкагында КР мыйзамдарын Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча иштиктүү топтор түзүлгөн. Фонддун КР менен келечектеги кызматташуу темасы тыкыр талкууланды, биргелешкен ишмердүүлүктүн ыктымалдуу форматтары тууралуу алдын ала макулдашуулар орун алды. Аталган багыттагы иш улантылат.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бюджеттик-кредиттик, мамлекеттик башкаруу, финансылык рынокту өнүктүрүү, өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшыртуу маселесин талкуулады.
Премьер-министр Ж.Оторбаев белгилегендей, өлкө өкмөтү тарабынан мамлекеттик башкаруу тутумун жакшыртуу боюнча комплекстүү реформалар иштелип чыккан, аларды ишке ашыруу үчүн ДВФ көмөгү жана колдоосу зарыл деп билдирип, бул багыттагы кызматташууга ниеттенгендигин билдирди.