27
Март
Жоомарт Оторбаев бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин XV жыйынын өткөрдү
Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынын өткөрдү.
Жоомарт Оторбаев жыйынды ачып жатып, Кеңештин иши начар эмес экендигин жана үч жылда 15 жыйын өткөндүгүн маалымдады. “Арийне, биз жыйындардын санына эмес, сапатына, кабыл алынган чечимдер менен анын аткарылышына көңүл бурушубуз зарыл. Жакын арада биз өлкөнүн аймактарында инвестициялык аянтча ачабыз. Биринчилерден болуп Нарын менен Ошто ачылат. Биздин Кеңештин тажрыйбасы ушул шаарларга көчүрүлөт. Мындай принциптер аймактарда да пайда болуп, мыкты натыйжа берүүгө тийиш. Ошол себептен, бизнес-ассоциациялар бул шаарларда кесиптештерине жардам бериши керек”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев аймактарда инвестиция өсүп жаткандыгын айтып, анын мисалында Ош шаарын белгиледи жана аталган калаа колдоо табуусу абзел экендигин билдирди.
Жыйындын күн тартибинде 6 маселе каралды. КР Өкмөтүнүн текшерүү саясаты боюнча мурда кабыл алынган аянтчаны түзүү жана колдоо маселесин чечүү чечими тууралуу, салык отчетун жөнөкөйлөштүрүү, инвестицияны тартууда туруктуу абалды сактоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ менен эксперттердин маалыматы уктурулду.
Бишкек ишкерлер клубу менен жабдуучу дистрибютордук ассоциациясы бирдей салык декларациясын киргизүү, жеткирүүдөгү кошумча салык, накталай төлөм боюнча өкмөттүн демилгесин карап чыгууну сунуштады.
Учурда, 6 бизнес-ассоциациясы бирдей салык декларациясы боюнча сунушталган формага каршы көз карашын билдиришти. Белгилей кетсек, алар декларацияга эмес, отчеттуулуктун татаал формаларына жана декларацилоонун айрым иштелип чыкпаган процедураларына каршылыктарын айтышты.
2013-жылдын 5-декабрында “Кыргыз республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр кабыл алынган. Анда 300 миң сомго чейинки накталай төлөм болсо, материалдык ресурска кошумча салык алынып салынат. Учурда бизнес-ассоциациялар аталган беренени кайра карап чыгууну талап кылышууда. Себеби, бул түзөтүүлөр салыкка болгон бааны өстүрүп, кичи жана орто бизнес өкүлдөрүн көмүскө экономикага кетүүгө шарт түзөт.
ЭЭА Ассоциациясынын инвесторлору Эркин экономикалык аймагынын укуктук башкаруусуна байланыштуу маселени көтөрүп чыкты. 2014-жылдын 11-январында КР Президенти “ Кыргыз республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө” Мыйзамга кол койгон. Ага байланыштуу бизнес-коомчулук аталган мыйзам күчүнө кирсе, эркин экономикалык аймак институтунун бара-бара жок болуусуна алып келет, ЭЭАнын ишкерлерине айрым тараптар бийлигин күчөтүп, коррупцияга жол ачат деп чочулашат.
Байланыш операторлор Ассоциациясы электр байланыш операторлор тармагында ыкчам иликтөө иштерин камсыздоо техникалык каражаттарын киргизүү маселесин маалымдашты. Ассоциациянын белгилөөсүндө, мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо – мамлекеттин өзүнүн негизги иши. Бул багытта, электр байланышы операторлорунун ыкчам иликтөө иштерин камсыздоо техникалык каражаттары боюнча чыгымынын 1%ы байланыш операторлору тарабынан төлөнөт.
Жыйында чет элдик жарандардын турак жай менен камсыз болушун татаалдатуу, дасыккан адистерди ишке тартуу максатында чет элдик мигранттардын Кыргыз Республикасында ишке орношуусун жөнөкөйлөтүү жана Бишкек, Ош шаарларында айыл чарбасына ылайыксыз жерлердин аймактык коэффициентинин көлөмүн жогорулатуу жөнүндө сөз болду.
Жыйындын соңунда мамлекеттик органдарга болгон Кеңештин сунуштарынын чечимдери кабыл алынды.
Маалымат
КР Өкмөтүнө караштуу бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү Кеңеши 2010-жылы 5-августта КР бизнес-коомчулугунун демилгеси менен уюштурулган. Анын негизги максаты- бизнес чөйрөсү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча мамлекет менен бизнес өкүлдөрүнүн натыйжалуу диалогун камсыздоо.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү