08
Июль
Джоомарт Оторбаев провел ряд двусторонних встреч высокого уровня в Монголии
Жолугушууну ачууда Жоомарт Оторбаев монгол тарапка жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргызстан Монголия менен мындан ары карай кызматташууну чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, кыргыз тарап 10 жылдан соң өткөрүлгөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-монгол Өкмөт аралык комиссиясынын II кеңешмесинин жыйынтыгына оңдуу баа берет.
«Учурда Кыргызстанда калктын бирдиктүү регистрин түзүү жана анын негизинде биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен такай жаңыртылып туруучу шайлоочулардын бирдиктүү тизмегин түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Биз үчүн заманбап шайлоо технологияларын колдонуу менен шайлоо уюштуруу жана өткөрүүдөгү Монголиянын чогулткан тажрыйбасы абдан кызыктуу», — деп билдирди Кыргызстандын Өкмөт башчысы.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы соода, экономикалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташууну кеңейтүүгө байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.
Андан соң Жоомарт Оторбаев Монголиянын Премьер-министри Норовын Алтанхуяг менен жолугушту.
Сүйлөшүү учурунда Жоомарт Оторбаев белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстан жана Монголия аралык саясый баарлашуунун жигердүү жүрүшү өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташуунун кеңейишине жана тереңдешине жагымдуу шарттарды түзүүдө. Буга байланыштуу Премьер-министр кыргыз тарап Бишкек Монголиянын Башкы консулдугун ачуу тууралуу монгол тараптын чечимин кубануу менен кабыл алгандыгын билдирди.
Жоомарт Оторбаев маалымдагандай, 2015-жылы Кыргызстанда өлкө парламентине шайлоолорду өткөрүү пландаштырылган. Буга байланыштуу Премьер-министр Монголиянын шайлоо тутумун реформалоодогу тажрыйбасы менен алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өзгөчө көңүл өлкөлөр аралык соода-экономикалык өз-ара аракеттешүүсүн өнүктүрүү маселесине бурулду. Тактап айтканда, эки мамлекетин кайрадан түзүлгөн Иштиктүү кеңешин өнүктүрүү талкууланды.
“Кеңешти түзүү эки өлкөнүн иш жүзүндө кызматташууну өнүктүрүүгө болгон ниетинин дал келүүсүн айгинелейт. Биз анын биринчи жыйынын күтүүдөбүз жана Кеңештин ишине чоң үмүт артуудабыз», — деди Жоомарт Оторбаев.
Мындан тышкары, Премьер-министр токтолгондой, сооданын өнүгүүсүнө жетишүү максатында тараптар ортосунда айыл чарба, мал чарбачылыгы, соода жана инвестиция, ишкердүүлүк, өнөр-жай, тоо-кен өндүрүшү, транспорт, курулуш, туризм, саламаттык сактоо, маданият жана илим жаатында келишимдерге кол коюлду. Ошондой эле Премьер-министр биргелешкен аракет натыйжасында тараптар 2014-жылы урунттуу натыйжаларга жетише алаарына ишеним билдирди.
Өз корутунду сөзүндө Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Кыргызстандын экономикасындагы негизги орунда Монголиядагыдай эле тоо-кен тармагы турат. Ал аталган экономика тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Монголиянын бул тармактагы көрүнүктүү жетишкендиктерин эске алуу менен монгол тажрыйбасын иликтөөгө карата кызыгуусун билдирди.
Ошондой эле иш сапар алкагында Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Монголиянын спикери Зандаахуугийн Энхболд менен жолугушусу болуп өттү.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ачык коом орун алган өлкө катары парламентаризм активдүү өнүгүп жана коррупцияга аеосуз күрөш жарыяланды. Монголия дагы азия континентинин борборундагы демократиялык мамлекет болуп эсептелип, демократиялык институттарды чыңдоого умтулган өткөөл баскычтагы өлкөлөр үчүн үлгү көрсөтө алаар тажрыйбасы бар», — деп белгилеген Жоомарт Оторбаев Кыргызстан Монголия менен парламент аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жана демократиялык кайра түзүүлөр жаатында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.
[gallery ids="38247,38248,38249,38250,38251,38306,38307"]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү