10

Апрель

2014

Жоомарт Оторбаев Бакай-Ата районундагы окуяны анализдөө жана келечекте мындай абалдардын алдын алуу боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 10-апрелде, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев 4-апрелде, Талас облусунун Бакай-Ата районунда болуп өткөн окуяны анализдөө жана келечекте мындай абалдардын алдын алууга багытталган кеңешме өткөрдү. Жоомарт Оторбаев бүгүн, жергиликтүү тургундар Шыралжын кениндеги ишти токтотуу максатында “Талас-Тараз” унаа жолун жапкан, 4-апрелдеги окуяга байланыштуу, ишиндеги кемчиликтери үчүн Талас облусунун Бакай-Ата районунун акими- мамлекеттик администрация башчысын ээлеген кызматынан бошоткондугун маалымдады. “Бакай-Ата районундагы кырдаал сыяктуу окуяларга жол берген, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары токтоосуз жумуштан алынат. Талас облусундагы окуя кырдаалды көзөмөлдөмөк тургай, боло турган акция жөнүндө өз учурунда кабарлоого алы келбеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн көрсөттү”, – деди Жоомарт Оторбаев буларды кошумчалап: “Мамлекеттик геология агенттиги да кырдаалды көзөмөлдөн чыгарган”, – деп. Жоомарт Оторбаев баса көрсөткөндөй, Өкмөт Улуттук мыйзамдын бузулушу боюнча катуу чараларды көрөт. “Пагончон адамдарга карата болгон сыйлабастыкты болтурбоо керек. Мыйзамды бузган баардык күнөөлүлөр жоопко тартылат. Тиешелүү органдар окуяны иликтөөдө, прокуратура кылмыш ишин козгоду”, -деди Өкмөт башчы. Эске салсак, Мамлекеттик геология агенттигинин комиссиясы Шыралжын аянтчасында ЖЧК “Алтын Күмүштак Майнинг” компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө сунуштаган. [su_carousel source="media: 33398,33397,33396" link="image" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_slider source="media: 32740,32739,32738,32736,32735,32734"][su_custom_gallery source="media: 31480,31479,31477,31476,31474,31472,31460,31452,31450,31376,31306,31305,31304,31293"][/su_slider][/su_carousel] [su_video url="http://www.gov.kg/wp-content/uploads/2014/04/NA_SAIT_PO_TALASU_x264.mp4" poster="http://www.gov.kg/wp-content/uploads/2014/04/SAG_7392.jpg" width="480" height="280"] КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү