07
Май
Джоомарт Оторбаев провел совещание по юридическим и техническим вопросам вступления Кыргызстана в ТС
Бүгүн, 6-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүү маселесине байланыштуу Мекемелер аралык комиссиянын жыйыны болду.
Жыйындын жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев Орусия Федерациясы менен Казак Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүү боюнча Жол картасы талкууланганын маалымдады. Ошондой эле, Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Бажы биримдигине кирүү процесси коомчулукта кызуу талкууланууда, ал өз кезегинде “Өкмөттү баардык документтерди кылдат иштеп чыгууга милдеттендирет”.
Премьер-министр келээрки жумада аталган маселе парламенттик угууга коюулаары күтүлүп жатканын, жалпы коомчулуктун Бажы биримдигине кирүү процессин дагы талкуулап, сунуш-пикирлерди киргизүүгө мүмкүнчүлүгү болоорун кошумчалады.
Жолугушуу алкагында КРнын Бажы биримдигине кирүү процесси, ошондой эле, Жол картасы боюнча юридикалык жана техникалык маселелери кеңири талкууланды.
[gallery ids="35252,35253,35254,35255,35256"]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү