12

Февраль

2014

Джоомарт Оторбаев провел заседание Комиссии по оптимизации системы государственного управления

Кыргыз  Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин жетекчилиги  алдында мамлекеттик  башкаруу тутумун жакшыртуу боюнча Комиссиянын булжылдагы  биринчи жыйыны  өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигине  берүү, ошондой эле  Өрт коопсуздугу тармагындагы көзөмөлдөө кызматынын ишин бөлүштүрүү маселелери каралды. 

 Жыйындын алкагында Кыргыз республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигине берүү”  токтомдун долбоору  көрсөтүлүп, айрым эскертүүлөрдү эске алуу менен жактырылды. 

Ыйгарым укуктарды берүү-  нормативдик укуктук актылардын оперативдүүлүгүн   бир кыйла көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берээри долбоордун түшүндүрмөсүндө белгиленген. Ошондой эле нормативдик укуктук акты долбоорлорун ишке ашырууда болгон материалдык жана адам ресурстарын жоготуудан алдын алууга,  бул жалпысынан, министрликтердин жана мекемелердин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк түзөт. Көрсөтүлгөн долбоор “ Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө” 8-беренесин ишке ашыруу  максатында иштелип чыгып, бул долбоорго ылайык укук органдары, өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарын берүүгө укуктуу.

Өрт коопсуздугу тармагындагы көзөмөлдөө кызматынын аткаруу ишин бөлүштүрүү маселеси боюнча Комиссия бир нече маанилүү чечимдерди  чыгарды. КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук  боюнча  мамлекеттик инспекциянын өрт кырсыктарынын себебин иликтөө  иши, КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  карамагына өткөн.

Ошондой эле  мамлекеттик кызматтардын маалыматтарына ылайык  ири өрт кырсыктарынын себебин  аныктап жана иликтөө  иши   боюнча  мекемелерге  өз ара аракеттенүү  регламентин  иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырмасы  берилди. 

Имараттарды, коомдук турак жайларды, курулуштарды  өрт кырсыгынан сактоо үчүн  агрегаттарды  орнотуу менен  автоматтык түрдө сактоо системасын  эксплуатацияга киргизүүнү КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук  боюнча  мамлекеттик инспекциясы ишке ашырат, ал эми өрт өчүрүү боюнча карточкалар жана мерчем КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  өрт коопсуздугу боюнча агенттиги тарабынан түзүлөт. 

Жогоруда айтылган өрт коопсуздугун камсыздоо тармагындагы иш –аракеттерди чектөө чаралары, өлкөнүн  өрт коопсуздун жогорулатууга,  текшерүүлөрдү  жана текшерүүчү органдардын санын кыскартуу менен инвестициялык климатты жакшыртууга,  ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга мүмкүндүк берет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү