14
Январь
Джоомарт Оторбаев провел заседание Наблюдательного совета по контролю за реализацией плана реформирования и модернизации таможенной службы
Бүгүн, 14-январда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында Бажы кызматын реформалоо жана жаңылоо багытында мерчемдердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Байкоочу кеңештин кеңешмеси өттү.
Кеңешмеде Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын 2011-2013-жылдардагы өнүгүү стратегиясынын иш чараларынын мерчеминин аткарылышы боюнча баяндаманы угушту.
Кеңешмени ачып жатып, Жоомарт Оторбаев 2010-жылы бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 15 млрд. 886 млн. сом, 2011-жылы - 23 млрд. 674 млн., 2012-жылы — 30 млрд. 904 млн., 2013-жылы — 36 млрд. 956 млн. сом болгондугун айтты. “Акыркы үч жылда биз төлөмдөрдүн көлөмүнүн өсүп жатканын байкадык, бул тескөө менен жыйымдардын жакшырышынын белгиси. Мамлекеттик Бажы кызматынын нормативдик-укуктук базасынын жакшырышы келечекке үмүт артат. Өкмөт экспорттоо-импорттоо иштеринин тоскоолдуктарын жоюунун үстүндө иштеп жатат”, - деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр үстүбүздөгү жылы бажы төлөмдөрүн жыйноо 42 млрд 100 млн.сомго мерчемделүүдө. Анын аткарылышы экономиканын өнүгүшү жана бул багыттагы улуттук долбоорлордун ишке ашышына байланыштуу.
Кошумчалай кетсек, бажы кызматын өнүктүрүү Стратегиясынын башкы максаты – аталган мекемени реформалоо жана жаңылоо, ошондой эле, бажы саясатын өнүктүрүү. Иш-чаралардын мерчеми 10 негизги багыттан турат, атап айтсак, бажы процедуралары, инфраструктура, түзүмү, тарифтер, кадр саясаты, маалыматтык камсыздоо жана алып баруу, мекемелер аралык байланыш, коомчулук жана бизнес менен алака.
Кеңешменин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын өнүгүү Стратегиясынын иш чараларынын Мерчеминин аткарылышы канааттандыраарлык деп табылды.
Ошондой эле, мекемеге Мамлекеттик Бажы кызматынын 2013-2017-жылдардагы өнүгүү Стратегиясынын иш чараларынын Мерчеминде аткарылбай калган бөлүмдөрүн карап чыгуу тапшырмасы берилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү