18

Декабрь

2013

Джоомарт Оторбаев провел заседание Совета по развитию бизнеса и инвестициям

Бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн алдындагы бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынын өткөрдү.

Өз сөзүндө Жоомарт Оторбаев Кеңештин алкагында 2013-жылы бизнести жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылганын айтты.11 айдын жыйынтыгы менен экономиканын өсүшү 10,8 % болуп, ички дүн продукциянын көлөмү 306 млрд. сомду түздү. Ал эми инфляциянын көлөмү төмөнкү көрсөткүчтө,  2,8 % болду.

Биринчи вице-премьер-министрдин маалыматы боюнча түз инвестиция 70 % жогорулап, 686 млн. Доллар колөмдо болду, ал эми акыркы жылга карата 1 млрд. доллар болоору күтүлүүдө.

“Экономиканын өсүшү, анын ичинде өнөр жайы менен айыл чарбасын алганда жогорулоо бар. Өкмөт менен бизнес коомчулугунун диалогу боюнча биздин демилгелер ийгиликтүү ишке ашып жатат, башкалары аткарылуу алдында”,- деди Жоомарт Оторбаев.

Жыйында мурда кабыл алынган баалуу металл камтылган кен жана концентраттарын алып чыгуу боюнча экспорттук пошлинанын көлөмүн аныктоо, инвестицияны жүгүртүү боюнча Агенттикти түзүү, Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик юридикалык тараптар жана жарандар  үчүн турак жайларга болгон ээликтен ажыратуу маселеси угулду.

Салык кеңешчилеринин палатасы Өкмөттүн деңгээлинде салык саясатын такай жүргүзүп туруучу аянтчаны түзүүнү сунуштады. 2013-жылдын мартында экономика министрлигинен каржы министрлигине салык салуу боюнча иш милдетин тапшырды. Бизнес өкүлдөрүнүн айтымында, бул салык саясаты боюнча диалогдун сапатын начарлатты.

Ал эми дистрибьютерлер менен жабдуу ассоциациясы салык отчетторун жөнөкөйлөтүү маселесин сунуштады. Башкача айтканда, мамлекеттик салык кызматы менен соцфондго ай сайын берилүүчү отчетту квартал сайын берүүго жылдырууну суранышты.

Эл аралык ишкерлер кеңеши инвестицияны жөнгө салуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ менен эксперттик топтун ишинин жүрүшүнөн маалымат берди.

Кеңештин 2014-2015-жылдарга Мерчеми талкууланды. Ал кеңештин мүчөлөру, мамлекеттик органдар жана бизнес ассоциациялардын (36 мекеме) сунушунун негизинде иштелип чыкты. Мерчем инвестициялык жагдайды андан ары жакшыртуу жана белгиленген долбоорлорду (жеңил өнөр жайы, жогорку технология паркы, мамлекеттик-менчик өнөктөштүк) ишке ашыруу боюнча иштерди камтыйт. Бизнес ассоциациялар жаңы маселени сунушташты, алар энергетикалык комплекс, кызыкчылык жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу.

Жыйындын натыйжасында мамлекеттик органдар тарабынан Кеңешке сунуштоо чечимдери кабыл алынды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү