23
Июль
Джоомарт Оторбаев: «Развитие государственно-частного партнерства особенно важно и актуально в медицине»
Бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Экономика министрлигинин, Өкмөт Аппаратынын жетекчилеринин жана саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик-жеке шериктештик долбоорун өнүктүрүү боюнча жеке ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрдү.
“«Мамлекеттик-жеке шериктештик (МЖШ) дүйнө жүзү боюнча өнүгүүдө жана жакшы натыйжаларды берүүдө. Биз мындай шериктештиктин үлгүсүн социалдык, тактап айтканда, саламаттык сактоо тармагында өнүктүрүүбүз керек», — деди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы кошумчалагандай, бүгүнкү күнгө карата саламаттык сактоо тутумунда жогорку сапаттуу кымбат баалуу меджабдуулардын жоктугуна байланыштуу өз алдынча тейлөө көрсөтүү маселеси курч турат.
“Аталган көйгөйдү биз заманбап жабдууларды сатып алууга жана ишке киргизүүгө даяр инвесторлорду тартуу жолу менен чечүүгө аракеттенүүдөбүз. МЖШ үлгүсү мында абдан натыйжалуу болуп саналат. Жабдууларды мамлекеттик медмекемелердин аймагында жайгаштырууга болот. Натыйжада, калкка өз алдынча тейлөө көрсөтүү маселеси гана чечилбестен, мамлекеттик саламаттык сактоо тутумунан кадрлардын агылып кетүүсү жана медтейлөөгө карата жогорку баа көйгөйү да чечилет», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев. Премьер-министрдин пикиринде, мындай болгондо, акысыз негиздеги имараттардын берилиши жана ишке мамлекеттик мекеме кызматкерлеринин ишке тартылышы менен катар аяр катмардагы калктын сапаттуу тейлөө алуусуна кеңири мүмкүндүк түзүлөт.
Инвесторлорго жабдуу пайдаланууга мүмкүндүк берүү аркылуу мамлекеттик медициналык мекемелер инвесторлор менен келишимдерди түзө алат. Премьер-министрдин айтымында, мында баа саясат маселесин жөнгө салуу зарыл болот.