16

Апрель

2014

Жоомарт Оторбаев: 2010-жылдын апрелинде жеңип алган демократиялык баалуулуктарды сактап калуу – мамлекеттин негизги милдети

Бүгүн, 16-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Калкын бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө ишти көзөмөлдөө жана тездетүүнү жакшыртуу боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Кеңешмеге Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова, каржы министри Ольга Лаврова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өнүгүүнүн каржы-экономикалык анализи жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова, БШК төрагасынын орун басары Гульнара Джурабаева катышты. Жолугушууну ачып жатып, Жоомарт Оторбаев кечээ өткөн туруктуу өнүгүүнүн Улуттук кеңешинде Президент Алмазбек Атамбаевдин Өкмөттүн дарегине таза шайлоону камсыздоо үчүн калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоо багытында жеткиликсиз ишин сындаган курч, бирок жүйөлүү пикири айтылганын белгиледи. “2010-жылдын апрелинде жеңип алган демократиялык баалуулуктарды сактап калуу – мамлекеттин негизги милдети жана Өкмөттүн ишинин алгылыктуу чараларынан”, – деди Жоомарт Оторбаев. Премьер-министр 2013-жылдын 22-майындагы “Кыргыз Республикасында шайлоо системасын жакшыртуу чаралары жөнүндө” Президенттин Жарлыгы жана 2013-жылдын 21-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому жеткиликтүү деңгээлде аткарылбай келгенин баса көрсөттү. “Биз 2014-жылдын экинчи кварталынын аягына чейин калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоону жигердүү ишке ашырышыбыз керек. Биздин убактыбыз аз. Өкмөт 2015-жылы өтө турган шайлоону таза, заманбап техникалык жетишкендиктер менен, “бир добуш-бир шайлоочу” принцибинде өткөрүүнү камсыздоо боюнча иш графигин даярдоону тапшырам”, – деди Жоомарт Оторбаев. Кеңешменин катышуучулары калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоону жана биометрикалык паспортторду киргизүү, каржылоо маселеси, ошондой эле, калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоону жигердүү ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын алкагында ишти көзөмөлдөө жана тездетүү маселелерин талкуулашты. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү