20
Март
Жоомарт Оторбаев: Кыргызстанда жеке секторун өнүктүрүү стратегиясы намыскөй болушу керек
Бүгүн, 19-мартта, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Бүткүл дүйнөлүк банк өкүлдөрү менен жеке секторун өнүктүрүү боюнча 3 жылдык стратегиясынын даярдык ишин талкуулашты.
“Стратегия намыскөй болуп, Кыргызстандагы ишкерлердин көйгөйүн чечүүсү зарыл. Аны иштеп чыгууда бизнес өкүлдөрү да катышып, чечимдердин көйгөй, мүмкүнчүлүктөрүнүн программаларын аныктоосу керек. Биздин жеке сектор абдан жигердүү, ошон үчүн аталган документти иштеп чыгууда алар чоң салым кошот деп ойлойбуз”, - деди Жоомарт Оторбаев жолугушууну ачып жатып.
Учурда стратегияны даярдоого эл аралык жана жергиликтүү кеңешчилер тартылган, даярдык иштери аяктады. Стратегиянын алгачкы үлгүсүн июнь айында көрө алабыз. Ал Бүткүл дүйнөлүк банктын эксперттери жүргүзгөн ишкерлерди сурамжылоо ишине негизделген. Аны сунуштоо апрель айында өтөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү