08
Апрель
2014
Жоомарт Оторбаев: Жөнөкөй, жеткиликтүү, таза диалог аркылуу коомдун бийликке болгон ишенимин калыптандырууга болот
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Өкмөттүн Программасын ишке ашыруунун чаралары, 2014-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы, ошондой эле, премьер-министрдин 2013-жылдагы маалыматын даярдоо иштерине байланыштуу Өкмөттүн жыйынын өткөрдү.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Өкмөт мүчөлөрү 2014-жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңеште бекитилген Өкмөттүн Программасын аткарууга тез арада киришүүлөрү керек. Премьер-министрдин айтуусунда аталган Программа Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун мерчемдеринин алгачкы кадамы
Жоомарт Оторбаев жаңы Өкмөттүн ишинин башкы принциби ачык-айкындуулук болуп, баалоонун негизги критерийи –элдин ишеними болуусу керек деди.
“Жөнөкөй, жеткиликтүү, таза диалог аркылуу коомдун бийликке болгон ишенимин кайра калыптандырууга болот. Ар бир жаран Өкмөт жасап жаткан иш менен тааныш болуусу керек. Ишеним тынымсыз эмгек жана аны жөнөкөй тил менен элге жеткирүүдө гана ишке ашат”, – деди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы министрликтер менен мекемелердин жетекчилерине 3 күндүк мөөнөттө бир жылдык иш мерчемдерин сунуштоосун тапшырды. Жоомарт Оторбаев министрликтер менен мекемелер документтерге анализ жүргүзүп, анын максат, милдеттерин тактоо зарылдыгын билдирди. Планды ишке киргизүүдө Жогорку Кеңештин тапшырмаларын, укуктук демилгелерди эске алуу зарыл.
“Министрликтер менен мекемелердин иш мерчеми жөнөкөй жарандарга түшүнүктүү тил менен жазылууга тийиш. Ал министрдин же мекеменин жетекчисинин келишими катары кызмат кылат. Баардык милдеттер ишке аша тургудай деңгээлге ээ болуусу зарыл. Баардык мерчемдер ММКларга жарыяланып, калкка жеткиликтүү болот. Алар документтин сапатын баалап, аткарылышына көзөмөлдүк кылышат. Ар бир жаран Өкмөттүн жасап жаткан иши менен кабардар болууга тийиш”, – деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министр сунушталган мерчемдин сапатына министр же мекеме жетекчиси жеке жоопкерчилик ала тургандыгын кошумчалады. Документтердин сапатына көзөмөлдү вице-премьер-министрлер жүргүзөт.
Өкмөт башчы ишти жаңыча баштоо үчүн министрликтер менен мекемелер ишке ашыра турган иштери боюнча ойлорун сунуштоого тийиш экендигин баса көрсөттү. Премьер-министрдин айтуусунда, демилгелер Өкмөттүн Аппаратынан министрликтер менен мекемелерге жогорудан ылдый болбоосу керек.
2013-жылдын жыйынтыгы темасын козгогон Жоомарт Оторбаев 15-апрелге чейин министрлер кабинети Жогорку Кеңешке отчет берүүсү зарыл экендигин эскертти жана министрлер менен мекеме жетекчилерине отчетторун ирээтке келтирип, Өкмөттүн аппаратына сунуштоосун тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү