12
Август
Джоомарт Оторбаев: “Уникальный опыт в развитии информационно-коммуникационных технологий понадобится Кыргызстану в организации свободных выборов”
Бүгүн, 11-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Корей эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) президенти Янг Мокту кабыл алды.
Жолугушууда Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Кыргыз жана Корея Республикасынын кызматташуусу өнүгүүгө ээ болууда. “Учурда биз үчүн кызматташуу багыттарын аныктап жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууну баштоо зарыл. Биз кыска жана орто мөөнөттүү иш-чараларды пландаштырылган түрдө ишке ашыруубуз керек”, — деп белгилеген Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасы өлкөдө өткөрүлүп жаткан реформаларды колдоого алынышына муктаж экендигин кошумчалады.
Ошондой эле Премьер-министр акыйкат жана ачык шайлоо өткөрүү үчүн автоматташтырылган шайлоо тутумунун жабдуусун берүү боюнча корей тараптын көмөк көрсөтүү мүмкүндүгүнө кеңири токтолду.
“Биздин коомчулук 2015-жылкы шайлоого карата Өкмөттүн ачык-айкын шайлоо өткөрүү жаатындагы аракет- даярдыгын көңүл коюу менен көзөмөлдөөдө. Сиздердин өлкөнүн өзгөчө тажрыйбасын эске алуу менен биз добуштарды саноо жана маалыматты шайлоо участогунан борбордук серверге берүү үчүн эң алдыңкы жана ишенимдүү технологияларды киргизүүбүз керек», — деди Жоомарт Оторбаев.
Өз кезегинде Ким Янг Мок корей тараптын тийиштүү жабдуу, анын катарында Кыргыз Республикасындагы демократиялык реформаларды колдоо иретинде добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдү берүү ниетин тастыктады.
“Эгерде биз добуштарды эсептөө жана иштеп чыгуу тутумунан мүмкүн болгон үчүнчү жактардын кийлигишүү коопсуздугун жое ала турган болсок, биздин коомчулук шайлоо жыйынтыгына ишене алат. Тутум коопсуз болуусу абзел”, — деди Премьер-министр.
Ким Янг Мок ошондой эле Жоомарт Оторбаевге кызматташууну кеңейтүү максатында KOICA Кыргызстанда өз өкүлчүлүгүн ачууну пландаштырып жаткандыгын маалымдады.
Андан соң тараптар энергетика, суу ресурстары, айыл чарба жана транспорт тармагындагы биргелешип кызматташуу мүмкүндүгүн талкуулады.