19
Апрель
2014
Жоомарт Оторбаев: Жакында Баткен облусунун чек арага аймакташ 17 калктуу пунктун өнүктүрүү боюнча Башкы план иштелип чыгат
Бүгүн, 19-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ак-Сай суу топтомо жайын көрдү.
Бул жерде Өкмөт башчыга Баткен облусун ички чарбалык сугаруу боюнча экинчи долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалымат беришти. Учурда Ак-Татыр каналынын 19,5 чакырымы кайра калыбына келтирилди жана Бүргөндү массиви иштетилүүдө.
Жоомарт Оторбаев жүргүзүлүп жаткан иштин маанилүүлүгүн белгиледи. “Жаңы жерлерди өздөштүрүү жана аны сугат суу менен камсыздоо – абдан маанилүү милдеттерден. Бул маселенин чечилиши менен адамдар жер иштетип, түшүм өндүрүп, аны менен өз үй-бүлөлөрүн камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле стратегиялык мүнөздөгү аймактардан калктын кетүүсү азаят. Кыргыз Өкмөтү өз ишинде ирригациялык курулуштарды жандандырып, жаңысын курууга бар күчүн жумшайт”, – деди ал.
Премьер-министр андан ары Баткен районунун чек арага аймакташ Ак-Сай айылынын жашоочулары менен жолугушту. “Мен Баткен облусундагы көйгөйлөрдү жакшы билем, ошол себептен биринчи сапарымды ушул аймактан баштадым. Облустагы тез аранын ичинде чечүүнү талап кылган маселелерден болуп мамлекеттик чек араны аныктоо, унаа жолунун курулушу, таза жана сугат суулары менен камсыздоо болуп саналат. Бул милдеттердин чечилиши Өкмөттүн приоритеттүү кадамдарынан. Ошол себептен Баткен облусунун чек арага аймакташ 17 калктуу пунктун өнүктүрүү боюнча Башкы план иштеп чыгууну тапшырдым”, – деди Өкмөт башчы.
Элеттиктер менен маектешкен учурунда Өкмөт башчы 2013-жылдан баштап Өкмөт аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бура баштаганын айтты. “Учурда Көк-Таш-Ак-Сай-Тандык жана Рават-Ак-Сайунаа жолдорунун курулушу толук көлөмдө жүрүүдө. Оорчулуктарга карабай, бул иш аягына чыгарылат”, – деди Премьер-министр.
Ал эми Ак-Сайлыктар чек арадагы тынчтык, унаа жолунун курулушу жана суу менен камсыз болуу облуста туруктуулукту жарата тургандыгын айтышты.
Бул багытта Жоомарт Оторбаев Баткен облусу боюнча бийликтин алган милдеттенмелери толук аткарылаарын билдирип, сөзүнүн соңунда айылдыктардын сунуш, пикирлери эске алынаарын билдирди.
Андан соң, Өкмөт башчы 25 чакырымга созулган Рават-Ак-Сай унаа жолунун курулушун көрдү. Ушул жылы башталган курулуш ишине 15 млн. сом керектелет жана алгач жолго шагыл төшөлөт. Жоомарт Оторбаев жолчулар, курулушчулар менен сүйлөшкөн учурда жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруп, тез арада бүткөрүүнү суранды.
Жоомарт Оторбаев 220 жана 232- чакырымдары оңдолуп жаткан Ош-Баткен-Исфана жолунун кайра калыбына келтирүү иши менен таанышты. Унаа жана коммуникация министри Калыкбек Султанов билдиргендей, жолдун бул участогун КЭРнын Экспорттук-импорт банкы тарабынан каржыланууда.
Иштин жүрүшү менен таанышкан Премьер-министр Ош-Баткен-Исфана жолу республиканын стратегиялык маанидеги жолу экендигин белгиледи. “Бул жол – Баткен облусунун алыскы айылдарын өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган унаа артериясы. Ошол себептен, биз бул жол өз учурунда сапаттуу кайра оңдолуусун камсыздообуз зарыл”, – деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Премьер-министр учурда Ош шаарында, ал 17-апрелде, Зардалыда жардыруу учурунда оор жаракат алган, ооруканадагы Топчубай уулу Санжарбектин ал-абалын сурады. Жоомарт Оторбаев уулунун тез сакайып кетүүсүн каалап, ата-энесине материалдык жардам ирээтинде 25 миң сом берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү