12
Апрель
Джоомарт Оторбаев: «В течение последних 20 лет, мы приоритезируем поддержку сельского хозяйства только на словах»
Бүгүн, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев асыл-тукум мал-чарбачылыгын колдоо, окуу китептерине ижара акысын киргизүү, жол коопсуздугу, анын ичинде оң рулдуу унаалар маселелерине арналган Өкмөттүн жыйынын өткөрдү.
“Акыркы 20 жыл ичинде биз айыл чарбасын сөз жүзүндө гана артыкчылыктуу колдойбуз деп келебиз. Бул багытта чыныгы иштерди баштоо керек. Мал чарбачылыгы айыл чарбасынын алдыңкы тармагы катары эсептелет. Бүгүнкү күндө ички дүң продукциянын түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү төмөндөп баратат, бул начар көрүнүш. Биз ушул тармакка өзгөчө көңүл буруубуз абзел”, - деди Жоомарт Оторбаев жыйындын күн тартибиндеги биринчи маселени карап жаткан учурда.
Жоомарт Оторбаев Өкмөт айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген каржылоонун негизинде 3,5 млрд. сом каражат бөлгөнүн маалымдады. “Түрк насыясынын алкагында 480 миң доллар каражат бөлүнүп, ага малды жасалма уруктандыруучу 300 жабдуу сатып алынып, алар айыл аймактарына таркатылууда”, - деди Премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү