04

Август

2014

Джоомарт Оторбаев: «Все программы помощи со стороны Японии были четко спланированными и реализованными на высоком уровне»

Бүгүн, 4-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Япония парламентинин Кеңешчилер палатасынын (Жогорку палата) делегациясын кабыл алды.

Жолугушууну ачууда Премьер-министр Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө Япония чоң салым кошкондугун белгиледи. “Кыргызстан жана Япониянын мамилелери оңдуу багытта өнүгүүдө. Япония биздин өлкө эгемендүүлүгүн жарыялаган учурдан тарта дайыма натыйжалуу жардам көрсөтүп келди. Япония тараптан берилген бардык көмөктөшүү программалары так пландаштырылып жана жогорку деңгээлде ишке ашырылган», — деди Жоомарт Оторбаев.

Өкмөт башчы өзгөчө Япониянын адамдык мүмкүндүктү өстүрүүгө болгон салымын белгилеп кетти, тактап айтканда ал мамлекеттик кызматкерлерди окуудан өткөрүүгө карата болгон жардамы деп айтса болот. Учурда JDS гранттык программасынын линиясы боюнча 116 мамлекеттик кызматкер окуудан өттү, алар мамлекеттик жана жеке тармактарда ишин ийгиликтүү улантууда.

Премьер-министр кошумчалагандай, КР Өкмөтү JICA менен кызматташууга жогору баа берет.

Премьер-министр ошондой эле жогорку деңгээлдеги байланыштарды активдештирүүгө басым койду. Алсак, премьер КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылдын февраль айындагы Японияга болгон расмий сапары, ошондой эле жакын арада орун алган Япониянын тышкы иштер министри Ф. Кисиданын Кыргызстанга болгон расмий сапары ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи.

Сапардын жүрүшүндө япон тараптан йендик займды жаңыртуу тууралуу чечими айтылган, тактап айтканда, «Ош-Баткен-Исфана» автожолунун тилкесин реабилиациялоо жана анын “Бишкек-Ош автожолунун жээктериндеги коргоочу тосмолорду куруу” аттуу компоненти боюнча долбоорду ишке ашырууга 12 млрд йен (120 млн долларга жакын) суммасындагы йендик займ берүү тууралуу чечим болгон.

Андан соң Жоомарт Оторбаев парламенттик демократияны өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу зарылдыгы тууралуу маселени көтөрдү. “Борбор Азиядагы жалгыз парламенттик демократиялуу өлкө катары биз Япония менен парламенттик байланыштарды активдештирүүгө кызыкдарбыз», — деди Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министрдин айтымында, Кыргызстан Япониянын жеке сектору тарабынан түз инвестициялардын тартылышына муктаж. Жоомарт Оторбаев депутаттарга Япония бизнесмендерине Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүндүктөр туурасында, анын ичинде КР Бажы биримдигине кирүүсүн эске алуу менен, кеңири маалымат берилиши туурасында өтүндү.

Кызматташуунун келечектүү багыттары катары Жоомарт Оторбаев энергетика, туризм, тоо-кен өнөр-жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарын атады.

Өз кезегинде япон тараптын делегация жетекчиси Масахиса Сато белгилегендей, 2014-2015-жылдары Кыргызстандын алдында басып өтүүчү эки маанилүү милдет бар, алар – ББ кирүү жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү.

“Парламенттик демократияны ийгиликтүү өнүктүрүү максатында саясый туруктуулук жана экономикалык өнүгүү орун алышы абзел. Биз сиздердин өлкөнүн өнүгүшү үчүн чоң мүмкүндүктөрдү көрө алдык жана инвесторлорду тартууга жана парламенттик демократия куруу жолундагы сиздердин кадамдарды колдоого аракет жумшайбыз», — деп жыйынтыктады Масахиса Сато.