04

Май

2014

Джоомарт Оторбаев встретился с Первым вице-премьер-министром Республики Таджикистан Давлатали Саидовым

Бүгүн, 3-майда, Астана шаарында жумушчу сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Тажик Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Давлатали Саидов менен жолугушту.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Кыргызстан менен Тажикстан ар кыл тармакта тыгыз кызматташууга тийиш.

“Кыргызстан менен Тажикстандын элдери көптөгөн жылдар бою ынтымакта жана биримдикте жашап келишкен. Бир тууган элдердин көп окшоштук жактары бар: табиятыбыз, менталитетибиз, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз. Тоолуу элдин бирдей көйгөйлөр да болот. Кыргыз-тажик мамилелери абдан бийик, кызматташтык потенциалы – жогору”, - деди Жоомарт Оторбаев.

Давлатали Саидов да “мамлекеттер жакындашып, өкмөттөр элдин жыргалчылы үчүн бирдикте иштеши керек” деген пикирде.

“Биз жетишилгендер менен токтобошубуз керек. Кызматташтык потенциалыбыз, өзгөчө энергетика секторунда абдан чоң. Биз аймактык долбоорлорду ишке ашырууну жигерлетүүбүз керек”, -деди Давлатали Саидов.

Тараптар энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, транспорт коридорлорун куруу аркылуу, анын ичинде Ош-Баткен-Исфана-Худжанд жолу да бар соода алакасын кеңейтүү, чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо маселелерин талкуулашты. Чек ара маселелерин чечүү боюнча оң натыйжалар бар экендиги айтылды.

Ошондой эле чек аралар ортосунда иш-чараларды, анын ичинде маданий-гуманитардык мүнөздөгү иштерди өткөрүү белгиленди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү