01
Май
Джоомарт Оторбаев встретился с Первым заместителем Председателя Правительства Российской Федерации Игорем Шуваловым
Бүгүн, 30-апрелде, Орусия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгы маселелери талкууланды. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү көңүл чордонундагы маселелерден болду.
Жоомарт Оторбаев евразия мейкиндигинде интеграциялык процесс Бажы биримдигине кирген мүчө-мамлекеттердин экономикалык дараметинин өнүгүүсүнө кеңири жол ачат.
“Биздин мамлекеттин интеграциялык экономикалык долбоорлорду түзүүгө багыт алышы Кыргызстанды экономикага болгон жагымдуу жагдайдан кабар берет, ал рыноктун тереңдеп, инвестициялык жагдайга түрткү берет”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Бажы биримдигине мүчө мамлекеттер Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин тышкы соода жүгүртүүдөгү жалпы көлөмү Кыргызстанга карата 40,7%, экспорт – 27,8%, импорт – 44,9%. Кыргызстандын товар жүгүртүүдөгү эң чоң салыштырма салмагы Орусия – 27,1%, андан кийин Казакстан – 11,9%, Беларусь - 1,6 %.
Жолугушууда тараптар Жол картасында каралган иш чараларды каржылоо маселесин талкуулашты.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча Жол картасы аяктады, учурда Кыргыз Өкмөтү интеграциялык биримдик алкагында экономиканын тармактарынын өнүгүүсү жана тобокелдиктери боюнча маселелерди иштеп чыгууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү