30

Апрель

2014

Джоомарт Оторбаев встретился с Председателем Правительства Российской Федерации Дмитрием Медведевым

Бүгүн, 29-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Жоомарт Оторбаев эки мамлекеттин ортосундагы жогорку стратегиялык кызматташтыкты колдоо максатында Премьер-министр катары биринчи иш сапарын мерчемдегенин айтты.

“Биз Орусия Өкмөтүнө жана жеке бизнеске Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы үчүн абдан ыраазыбыз. Евразия мамлекеттеринин интеграциялык биримдиги боюнча багыты Кыргызстан үчүн да маанилүү. Мен министрлер кабинетинин биринчи милдети катары да Бажы биримдигине кирүү экенин белгиледим”, - деди Жоомарт Оторбаев.

“Иш сапардын алкагында ОФнын Өкмөт мүчөлөрү менен катар биздин өлкөнүн экономикасына инвестиция тартууга дилгир орусиялык компаниялар менен да жолугушабыз. Биз мурдагы жана кийинки сүйлөшүүлөрдүн негизинде кийинки кадамдарыбызга багыт алсак”, - деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

Өз сөзүндө Дмитрий Медведев Жоомарт Оторбаевди премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады.

“Биз сиздер менен байланыштарды экономикалык, гуманитардык багыттарда жүргүзүп келдик. Негизги приоритет – Кыргызстандын Бажы союузуна кириши. Иш жүрүп жатат. Көйгөйлөрдү четтетүүгө биз кызыктарбыз. Мындай кадамдар сиздердин өкмөт, парламент, президент тарабынан да жасалат деп ишенем. Ушул багыттарга бет алалы”, - деди Дмитрий Медведев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү